АКШнын мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбор Азия боюнча жардамчысы Доналд Лу 4-11-ноябрь күндөрү Казакстан, Өзбекстан жана Индияда болот.
Мамлекеттик департамент 4-ноябрда билдиргендей, Лу баштаган делегация Борбор Азия сапары менен сентябрда өткөн C5+1 саммитинин жетишкендиктерин бекемдөөнү көздөйт.
Дипломат Астанада жогорку жетекчилер менен кездешип, АКШ-Казакстан стратегиялык өнөктөштүк диалогуна катышмакчы. Тараптар орток кызыкчылыктарга кирген маселелерди талкуулашат деп күтүлүүдө.
Мындан тышкары Мамлекеттик департамент жасаган билдирүүдө Лу жарандык коомдун өкүлдөрү менен жолугушары, жалпыга маалымдоо каражаттарынын эркиндиги, кыз-келиндердин укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү тууралуу кеп болору айтылат.
Андан ары жогорку дипломат Ташкентке жол тартат. Ал жерден Дональд Лу АКШ-Өзбекстан стратегиялык өнөктөштүк диалогун өткөрөт. Сапардын алкагында Дональд Лу Өзбекстандын өкмөт мүчөлөрү менен жолугушуп, АКШ менен Өзбекстандын коопсуздук өнөктөштүгүн кеңейтүү жана аймактык көйгөйлөрдү чечүү жолдорун талкуулоо, элдердин ортосундагы байланыштарды чыңдоо, соода менен инвестицияны диверсификациялоо аркылуу эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү жолдорун талкуулашат.
Ал ошондой эле адам укуктары боюнча иш алып барган жарандык коом уюмдары менен жолугушат.
Доналд Лу жана АКШ делегациясы андан соң Индияга барып, АКШ-Индия 2+2 министрлер деңгээлиндеги диалогунун алдында өнөктөштөр менен жолугушуп, аймактык жана глобалдык маселелер, таза энергетика жана коопсуздук жаатындагы кызматташтыкты стратегиялык координациялоону талкуулашат.
Эске салсак, быйыл февралда АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Борбор Азияны кыдырып кеткен.


















