Кара тизмеден ошондой эле Сириянын ички иштер министри Анас Хаттаб да чыгарылды.
Америка Кошмо Штаттары Сириянын өткл мезгилдеги президенти Ахмед аш-Шараага карата бир тараптуу санкцияларды жокко чыгарып жатат. Бул тууралуу АКШнын Каржы министрлиги ырастады.
Ошондой эле кара тизмеден Сириянын өткөөл өкмөтүнүн ички иштер министри Анас Хаттаб да чыгарылды. Бул тууралуу “Контртерроризм боюнча белгилөөлөрдү (санкцияларды – редакциянын түшүндүрмөсү) жокко чыгаруу” деген аталыштагы билдирүүдө айтылат.
Буга чейин 6-ноябрда БУУнун Коопсуздук Кеңеши аш-Шараа менен Хаттабды дүйнөлүк уюмдун санкциялык тизмесинен чыгарган резолюцияны кабыл алган. Бул документти АКШ даярдаган жана анда “Ислам мамлекети” жана “Аль-Каида” менен байланыштуу адамдардын тизмесинен аларды чыгаруу каралган.
Резолюцияны 15 мүчөнүн ичинен 14ү колдогон. Анын ичинен Россия да колдогон. Кытай добуш берүүдөн карманган. 10-ноябрда аш-Шараа АКШнын президенти Дональд Трамп тарабынан Ак үйдө кабыл алынары күтүлүүдө.
АКШ президенти 1-июлда Сирияга карата бир тараптуу санкциялар режимин жокко чыгаруу тууралуу жарлыкка кол койгон. Бирок ал мурунку президент Башар Асадга жана аны менен байланыштуу адамдарга жайылтылбайт.
2024-жылдын ноябрь айынын аягында куралдуу оппозициялык топтор Сирия армиясынын позицияларына ири чабуул башташкан. 8-декабрда алар Дамаскка кирип, Башар Асад президенттик кызматын тапшырып, өлкөдөн чыгып кеткен.
Сириянын иш жүзүндөгү лидери аш-Шараа болуп, 2025-жылдын 29-январында ал өзүн өткөөл мезгилдеги президенттин милдетин аткаруучу катары жарыялаган. Ал өткөөл мезгил төрт-беш жылга созуларын белгилеген.


















