«АКШнын деңиз блокадасынын сызыгы бузулуп, мурдагы абалына салыштырмалуу артка жылдырылды». Бул тууралуу Molo Monitor аттуу Open Source Intelligence аккаунтунда билдирүү жарыяланды.
Molo Monitorдун маалыматына ылайык, акыркы 26 күндүн ичинде Sentinel-2 спутниктен тартылган сүрөттөрдөн Ирандын деңиз блокадасынын аймагында USS George H.W. Bush, USS George Washington, USS Boxer авианосецтеринин жана Arleigh Burke классына кирген эсминецтердин эч биринин сүрөтү табылган эмес.
Бул маалыматтарга ылайык, АКШ Ирандын кемеге каршы ракеталарынын сокку уруучу аймагынан чыгуу үчүн күчтөрүн артка жылдыруу чечимин кабыл алган. Ушуга байланыштуу мындан бир ай мурун Оман булуңунун чыга беришинде жайгашкан деңиз блокадасынын сызыгы да өзгөртүлгөн.
Болжол менен 26 күн мурун, сентябрдын башында Ирандын Аскер-деңиз күчтөрү биринчи жолу «Касем Басир» ракетасын сынаган. Анын учуу аралыгы Араб деңизинин бүт аймагын камтыйт.
















