10-ноябрда Кытайдын Ирандагы элчиси Цун Пэйу АКШнын басымы эки өлкөнүн кызматташтыгына таасир эте албай турганын айтып, Кытай менен Иран активдүү кызматташууну уланта берерин белгиледи.
Элчи Цун Пэйу Ирандын түндүгүндөгү Гилян провинциясынын Астара аймагындагы ар кандай экономикалык зоналарга барган учурда журналисттерге мындай деди:
«Биз Иранды достук мамиледеги өлкө катары колдойбуз жана санкциялар биздин ишибизге таасир этүүсүнө жол бербейбиз».
Ал андан ары өз сөзүнө мындай деп кошумчалады:
«Биз АКШнын негизсиз басымын кабыл албайбыз жана ага маани бербейбиз. Биз өз позициябызды иш жүзүндө көрсөтөбүз жана бул биздин өз ара аракеттерибизге таасир этпейт».
Элчи белгилегендей, АКШ тарабынан Иранга каршы киргизилген бир тараптуу санкциялар Кытай менен Ирандын мамилелерине зыян келтире албайт, эки өлкө өз ара кызматташтыкты уланта берет.
Пэйунун айтымында:
«Кытай менен Ирандын мамилелери достукка негизделген. Азыркы шартта эки өлкөнүн мамилелеринин абалы жана мүмкүнчүлүктөрү кайра каралат, айрыкча сентябрь айында Кытайда өткөн эки өлкөнүн президенттеринин жолугушуусунан кийин, анда кызматташтыкты кеңейтүү жолдору талкууланган».
Ошондой эле элчи мындай деди:
«Бул сапардын жүрүшүндө биз Гилян провинциясынын мүмкүнчүлүктөрү тууралуу көбүрөөк маалымат алып, соода-экономикалык байланышты кеңейтүү үчүн ылайыктуу жолдорду табабыз деп үмүттөнөм».

















