Лос-Анжелесте мыйзамсыз мигранттардын массалык түрдө кармалышына каршы нааразылык акциялары үч күндөн бери уланууда. Ак үйдүн аппарат жетекчисинин орун басары Стивен Миллер бул демонстрацияларды жана баш аламандыктарды кутум деп атап, Лос-Анжелес полициясынын позициясын сынга алды. Анын айтымында, полициянын башчысы мигранттарды массалык депортациялоого катышуудан баш тарткан.
Президент Дональд Трамп Калифорния штатынын бийликтерин “өз милдеттерин аткарбагандыгы үчүн” айыптап, баш аламандыктарга каршы күрөшүү үчүн Улуттук гвардиянын 2000дей аскерин жиберүүгө буйрук берди. Алар 8-июнда эртең менен шаарга келе башташкан. Азыр америкалык маалымат каражаттарынын маалыматы боюнча, Лос-Анжелесте болжол менен 300дөй аскер кызматкери бар.
Миграциялык рейддердин башталышы жана нааразылык
Америкалык маалымат каражаттарынын билдирүүсүнө караганда, 6-июнь күнү Лос-Анжелесте мыйзамсыз мигранттарды массалык кармоо иштери башталган. Эртеси күнү кечке чейин иммиграция мыйзамдарын бузган деген айып менен кеминде 44 адам камакка алынган. Рейд АКШнын Иммиграция жана бажы полициясы (US Immigration and Customs Enforcement, ICE) тарабынан жүргүзүлүүдө.
Укук коргоо органдарынын аракеттерине жооп иретинде шаарда демонстрациялар башталып, демонстранттар укук коргоо органдарынын ишине тоскоолдук кылууга аракет кылып, жолду тосуп, ICE кызматкерлерине таш жана петарда ыргытышкан.
Демонстранттар полиция менен кагылышып, жолдорду жаап, унааларды өрттөштү. Полиция аларга каршы желим ок жана көздөн жаш агызуучу газ колдонууда.
Трамп Калифорнияда өкмөттүн миграция саясатына каршы акцияларга катышып жаткан демонстранттарга акча төлөнүп жатканын билдирди.
Нааразычылык акциясы маалында эки полиция кызматкери жарадар болгонун жергиликтүү полиция башкармалыгы билдирди.
Федералдык жана жергиликтүү бийлик ортосундагы карама-каршылык
Калифорниянын губернатору Гэвин Ньюсом Х соцтармактагы баракчасынан Пентагондун башчысы Пит Хегсеттен Лос-Анжелесте Улуттук гвардияны жайгаштырууну жокко чыгарууну талап кылды.
“Мен Трамптын администрациясынан расмий түрдө Лос-Анджелес округуна аскерлерди мыйзамсыз жайгаштырууну жокко чыгарууну жана аларды менин командачылыгыма кайтарууну сурандым”,- деп жазган Ньюсом.
Губернатор Улуттук гвардияны жайгаштыруу чечимин штаттын суверендүү укуктарын бузуу деп атады.
Ал Трамптын чечимин жаңылыштык деп атап, бул чыңалуунун күчөшүнө гана алып келерин айтты. Трамп ага Truth Social платформасындагы билдирүүсүндө жооп берип, штат жана шаар жетекчилерин компетентсиз деп атады.
“Эгерде Калифорниянын губернатору Гэвин Ньюсом менен Лос-Анжелестин мэри Карен Басс өз милдеттерин аткара алышпаса — бул баарына белгилүү, анда федералдык өкмөт кийлигишип, тополоңчулар жана мародерлордун көйгөйүн чечет, анткени ал зарыл нерсе!!!” — деп жазды Трамп.
Жекшемби күнү Трамп демонстрациялар учурунда беткап тагынууга тыюу салына турганын да жарыялады.
Ошол эле учурда АКШнын коргоо министри Пит Хегсет шаарга деңиз жөө аскерлерин жайгаштыруу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарган жок.
АКШнын 22 штатынын демократ-губернаторлору АКШ президенти Дональд Трамптын Лос-Анжелестеги нааразылык акцияларын басуу үчүн Калифорниянын Улуттук гвардиясын жайгаштыруу чечимин сынга алышты.
“Президент Трамптын Калифорниянын Улуттук гвардиясын жайгаштыруу чечими – бул тынчсыздандыруу жараткан бийликти кыянаттык менен пайдалануу. Губернаторлор өздөрүнүн улуттук гвардиясынын башкы командачылары. Штат губернаторунун уруксатысыз Улуттук гвардиянын аскерлерин жайгаштыруу боюнча федералдык өкмөттүн иш-аракети натыйжасыз жана кооптуу”, – деп айтылат губернаторлордун биргелешкен билдирүүсүндө.
Алардын айтымында, башаламандыктарды басууга деңиз жөө аскерлерин жөнөтөбүз деген коркутуулары менен Трамп жергиликтүү укук коргоо органдарына ишенбестигин көрсөтүп жатат.
Нааразычылык акциялары Нью-Йоркко да жайылганын CBS News телеканалы маалымдады. 7-июнда Манхэттенде полиция менен кагылышкан демонстранттардын бир нечеси кармалган.
Трамптын миграция саясаты
Дональд Трамп 20-январда инаугурация күнү АКШнын 47-президенти катары биринчи сөзүндө Американын аймагына мыйзамсыз иммигранттардын киришин тез арада токтотуп, миллиондогон мигранттарды экстрадициялоо процессин баштоону убада кылган. Ал ошондой эле АКШнын түштүк чек арасындагы кырдаалга байланыштуу улуттук өзгөчө кырдаалды жарыялаган.


















