АКШдагы Балтимор шаарында автоунаа каттаган узундугу 2,5 км болгон Фрэнсис Скотт-Ки көпүрөсү урап түштү. Көпүрөнүн түркүгүн контейнер ташуучу кеме сүзүп алган.
Жергиликтүү бийликтин маалыматы боюнча, окуянын кесепетинен бир нече унаа жана адамдар Патапско дарыясына көпүрөдөн кулап түшкөн.
Кырсыктан кийин дароо эки адам суудан чыгарылган. Алардын биринин абалы оор болуп, ооруканага жеткирилген.
Алдын ала маалыматтарга караганда, кеминде дагы алты адам дайынсыз болуп, изделүүдө. Алардын баары кагылыш болгон түнү көпүрөдө жол бетин оңдоп жаткан жумушчулар болгон.

Мэриленд штатында өзгөчө кырдаал жарыяланды.

Сингапурдун желеги менен жүргөн 300 метрлик Dali контейнердик кемеси Балтимор портунан Коломбого (Шри-Ланка) бараткан. Контейнердик кеменин экипажы 22 кишиден турган.

Мэриленд штатынын губернатору Уэс Мурдун айтымында, кеме көпүрөгө урунар алдында кырсык сигналын берген жана жумушчулар кагылышуу алдында жол кыймылын тосууга жетишкен.

Кырсыкка кемедеги мүчүлүштүктөр себеп болгону айтылды.
АКШнын президенти Жо Байден кеменин көпүрөнүн таянычын сүзүшү атайылап болгон эместигин, кокустук болгонун билдирди.

Көпүрө 1972-1977-жылдары курулуп, 1977-жылдын 23-мартында ачылган. Ал АКШнын мамлекеттик гимнинин автору, поэт Фрэнсис Скотт Кинин (1779-1843) атынан аталган.

Төрт тилкелүү автожол көпүрөсүн реконструкциялоо 600 миллион долларга (1970-жылдардагы курулушунан 10 эсе кымбат) сарпталышы мүмкүн, деп билдирет Sky News эксперттерге таянып. Байден кырсыктын кесепеттерин жоюу үчүн “федералдык ресурстарды” бөлүүнү тапшырды.


















