АКШнын 10 штатында ич өткөк вирусунун массалык эпидемиясы катталды, бул McDonald’s ресторандар тармагынан Quarter Pounder чизбургерин керектөө менен байланыштуу. Бул тууралуу АКШнын Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борбору (CDC) билдирди.
Оору сентябрда башталып, өлкө боюнча 10 штатка жайылып, кеминде 49 учур катталып, бир адам каза болду.
Көптөгөн бейтаптар ооруп калганга чейин Макдоналдстан популярдуу Quarter Pounder гамбургерин жешкенин белгилешкен. Улуттук саламаттыкты сактоо кызматкерлеринин айтымында, оорунун булагы гамбургердин ичинде кесилген пияз болушу мүмкүн.
Макдоналдстын АКШдагы президенти Джо Берлингер видео кайрылуусунда: «Тамак-аш коопсуздугу мен үчүн жана Макдоналдстагылардын баары үчүн абдан маанилүү», – деди.
Ал ошондой эле компания Quarter Pounder гамбургеринин кээ бир штаттардагы ресторандарда сатылышын токтотуп, майдаланган пиязды алып салуу боюнча чараларды көргөнүн кошумчалады.



















