Марихуананы чеккен америкалыктардын үлүшү рекорддук 17%га жетти.
Бул тууралуу Gallup компаниясынын сурамжылоосунун жыйынтыктары күбөлөндүрөт.
Изилдөөнүн маалыматтарына ылайык, учурдагы көрсөткүч 2013-жылдагы деңгээлден эки эседен ашык жогору. Ошол кезде респонденттердин 7%ы марихуана чегерин билдирген. 17%дык көрсөткүч 2023-жылы катталган рекордду кайталады. Дагы 15% америкалык марихуана камтылган азыктарды колдонорун билдирген.
Белгиленгендей, марихуананы көбүнчө 30 жаштан 49 жашка чейинки америкалыктар чегишет — бул топтогу сурамжылоого катышкандардын 25%ы. 18–29 жаштагылардын арасында бул көрсөткүч 23%, 50–64 жаштагыларда 10%, ал эми 65 жаштан улуулар арасында 5%ды түзөт.
Ошол эле учурда кадимки тамеки чеккендердин үлүшү 11%ды түзүп, бул рекорддук эң төмөнкү деңгээл болуп саналат.
АКШда федералдык деңгээлде марихуананы колдонууга жана сактоого тыюу салынган. Бирок баңги зат 40 штатта мыйзамдаштырылган. Каннабидиолдун негизиндеги медициналык препараттар өнөкөт ооруларды жана талмаларды дарылоодо колдонулат. Gallup сурамжылоолоруна ылайык, марихуананы мыйзамдаштырууну коомдук колдоо 1995-жылдагы 25%дан 2023-жылы 70%га чейин өскөн.


















