Eurasiatoday
Бейшемби, 07-Декабрь, 2023
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Жакынкы Чыгыш
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Жакынкы Чыгыш
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

Нью-Йорк шаарында «Борбор Азия жана АКШ» биринчи Саммити өттү

  • ТОП жаңылыктар
  • 20.09.2023 10:30

Loading

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 19-сентябрда, Нью-Йорк шаарында (АКШ) “Борбор Азия жана АКШ” мамлекет башчыларынын биринчи Саммитинин ишине катышты.

Ага Америка Кошмо Штаттарынын Президенти Джо Байден жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлери: Казакстан – Касым-Жомарт Токаев, Тажикстан – Эмомали Рахмон, Түркмөнстан – Сердар Бердымухамедов, Өзбекстан – Шавкат Мирзиёев катышты.

Тема боюнча:

С. Жапаров: БУУнун Туруктуу өнүгүү максаттары өлкөнүн мамлекеттик саясатынын негизи болуп саналат

С. Жапаров: БУУнун Туруктуу өнүгүү максаттары өлкөнүн мамлекеттик саясатынын негизи болуп саналат

19.09.2023

Саммитти АКШ Президенти Джо Байден ачып, андан соң Борбор Азиянын бардык мамлекет башчылары сөз сүйлөштү.

Президент Садыр Жапаров өз сөзүндө тараптар ортосунда күн тартиби жана талкууланып жаткан маселелердин чөйрөсү кеңейип жатканын белгиледи. Америка Кошмо Штаттары менен, анын ичинде С5+1 форматында кызматташуу – өлкөнүн тышкы саясатынын маанилүү багыттарынын бири болуп саналат.

“Бул формат өз ара түшүнүшүүнү жана ишенимди бекемдөөгө, коопсуздукту жана туруктуулукту камсыздоого, ошондой эле соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталышы керек деп эсептейм. Дүйнөлүк экономика коронавирустук пандемиянын терс таасиринен толук калыбына келе электе эле жаңы соккуларга жана туруксуздукка туш болду.

Менин көз карашымда, мындай кризистик шарттарда, биринчи кезекте, азык-түлүк жана энергетикалык коопсуздукту, макроэкономикалык туруктуулукту жана региондогу социалдык туруктуулукту камсыз кылуу маселелери Борбор Азия мамлекеттеринен артыкчылыктуу көңүл бурууну жана координацияланган ишмердүүлүктү талап кылат”, – деди Садыр Жапаров.

Президент биздин региондогу өлкөлөр олуттуу жаратылыш байлыктарына, энергетикалык ресурстардын жана пайдалуу кендердин ири запастарына, ошондой эле квалификациялуу жумушчу күчүнө ээ экендигин белгиледи.

“Биз чет өлкөлүк өнөктөштөрдүн, анын ичинде америкалык бизнестин биздин өлкөдө жана региондо кеңири катышуусун жактайбыз. Биз “жашыл” экономика, гидроэнергетика, IT-технология, жумуш менен камсыз кылуу жана билим берүү сыяктуу негизги багыттар боюнча кеңири эл аралык кызматташууга даярбыз. Бизде өнөр жай, айыл чарба, ирригация, транспорттук-логикалык система чөйрөсүндө, инфраструктуралык долбоорлорду кошкондо, ар кандай долбоорлор ийгиликтүү ишке ашырылууда.

Биз өлкөнүн маанилүү транспорттук артерияларын модернизациялоону улантып жатабыз. Темир жол байланышы жаатында ири регионалдык долбоор пландаштырылууда. Бул багыттардын бардыгы деңизге чыга албаган өлкө катары биз үчүн артыкчылыктуу мааниге ээ”, – деп белгиледи Садыр Жапаров.

Мамлекет башчысы Кыргызстандын потенциалы толук көлөмдө ишке ашырыла элек Америка Кошмо Штаттары менен эки тараптуу соода-экономикалык мамилелерди мындан ары да кеңейтүү, ошондой эле регионалдык проблематика маселелери боюнча өнөктөштөр менен биргелешип иштөө ниетин белгиледи.

Ал ар бир өлкөнүн экономикалык туруктуулугу үчүн энергетикалык тармакты өнүктүрүү, энергияны үзгүлтүксүз берүү негизги шарт болуп саналарын кошумчалады.

“Биздин өлкөдө региондун суу ресурстарынын дээрлик жарымы бар. Кыргызстандын гидроэнергетикалык потенциалы жылына болжол менен 142,5 млрд кВт-саатты түзөт, бирок азыркы учурда 13 пайыздан ашпаганын гана пайдаланылууда. Кыргызстан ошондой эле энергиянын кайра жаралуучу булактарынын ар кандай түрлөрүнүн чоң потенциалына ээ. Биз инвесторлорду, эл аралык өнөктөштөрдү жана финансылык институттарды ГЭС жана энергиянын кайра жаралуучу булактарынын башка объектилерин куруу боюнча долбоорлорду ишке ашыруу үчүн инвестициялык кызматташууга чакырабыз. Үстүбүздөгү жылы биз мамлекеттик тышкы карызды реструктуризациялоо, анын ичинде аны “жашыл” экономика чөйрөсүндөгү долбоорлорго алмашуу механизмин колдонуу демилгесин да көтөрдүк. Америкалык тарап өнөктөштөр жана эл аралык финансы институттары менен иштешүүгө көмөк көрсөтөт деп ишенебиз”, – деп белгиледи Садыр Жапаров.

Мамлекет башчысы Борбор Азиядагы регионалдык коопсуздук маселелерин Афганистандагы кырдаалдан бөлүп, талкуулоо мүмкүн эместигин баса белгиледи. Буга байланыштуу кыргыз тарап Афганистанда тынчтык жана туруктуулук болушуна жана бул өлкө менен жакшы коңшулук мамилелерди сактоого кызыкдар экендигин билдирди.

Сөзүнүн аягында Президент Садыр Жапаров бүгүнкү жолугушуу Борбор Азия мамлекеттеринин АКШ менен өз ара пайдалуу кызматташтыгын мындан ары арттырууга маанилүү түрткү берет, деген ишенимин билдирди.

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: Борбор Азия-АКШС. Жапаров АКШда
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

Борбор Азия өлкөлөрүнүн башын бириктирген биринчи саммит кандай натыйжа берет?

Борбор Азия өлкөлөрүнүн башын бириктирген биринчи саммит кандай натыйжа берет?

21.09.2023
С. Жапаров: БУУнун Туруктуу өнүгүү максаттары өлкөнүн мамлекеттик саясатынын негизи болуп саналат

С. Жапаров: БУУнун Туруктуу өнүгүү максаттары өлкөнүн мамлекеттик саясатынын негизи болуп саналат

19.09.2023
Садыр Жапаров иш сапар менен Нью-Йоркко келди — делегациянын курамы

Садыр Жапаров иш сапар менен Нью-Йоркко келди — делегациянын курамы

18.09.2023
АКШ президенти Борбор Азия лидерлери менен эмнени сүйлөшөт?

АКШ президенти Борбор Азия лидерлери менен эмнени сүйлөшөт?

18.09.2023

Башкы жаңылыктар

Ирандын президенти Москвада Путин менен Палестина маселелесин талкуулайт

Ирандын президенти Москвада Путин менен Палестина маселелесин талкуулайт

07.12.2023
Россия менен Иран санкцияларга биргелешип каршы турат – декларацияга кол коюлду

Россия менен Иран санкцияларга биргелешип каршы турат – декларацияга кол коюлду

06.12.2023
Катарлык дарыгерлер угуусу начар 50 балага акысыз операция жасайт

Катарлык дарыгерлер угуусу начар 50 балага акысыз операция жасайт

05.12.2023
Мамкатчы: Эл шайлаган депутаттар туу боюнча элдин мүдөөсүн эске алат деген тилекте бололу

Мамкатчы: Эл шайлаган депутаттар туу боюнча элдин мүдөөсүн эске алат деген тилекте бололу

04.12.2023
 С. Жапаров Дубайда  бир катар мамлекеттердин башчылары менен жолукту

 С. Жапаров Дубайда  бир катар мамлекеттердин башчылары менен жолукту

02.12.2023
Депутат убакытты бир саат артка жылдырууну сунуштады

Депутат убакытты бир саат артка жылдырууну сунуштады

30.11.2023

Валюталар курсу

31
Узнаем возраст наших посетителей

Сколько вам лет

Экономика

Бишкекте санитардык-гигиеналык кагаз буюмдарын чыгарган завод ачылды

Бишкекте санитардык-гигиеналык кагаз буюмдарын чыгарган завод ачылды

07.12.2023
Садыр Жапаров: ККМ аркылуу жалпы экономиканы ачык көрүп туралы деп жатабыз

Садыр Жапаров: ККМ аркылуу жалпы экономиканы ачык көрүп туралы деп жатабыз

06.12.2023
Ысык-Көлдө 102 гектар жерге эки жаңы канаттуулар фабрикасы курулат. Сүрөт

Ысык-Көлдө 102 гектар жерге эки жаңы канаттуулар фабрикасы курулат. Сүрөт

05.12.2023
“Учкун” ААК мамлекеттик маанидеги документтерди, паспорт чыгарууга даярдык көрүүдө

“Учкун” ААК мамлекеттик маанидеги документтерди, паспорт чыгарууга даярдык көрүүдө

05.12.2023
Нарын менен Ысык-Көлдүн картошкасы Ташкентке жеткириле баштады

Нарын менен Ысык-Көлдүн картошкасы Ташкентке жеткириле баштады

04.12.2023
ККМ салыгы: белгисиз күчтөр соодагерлерди тукурууга аракет көрүүдө

ККМ салыгы: белгисиз күчтөр соодагерлерди тукурууга аракет көрүүдө

04.12.2023

Eurasia Today
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.