Вашингтондогу кабарчынын маалыматына ылайык, АКШнын Эмгек статистикасы бюросунун керектөө бааларынын индекси боюнча товарлардын баасы марттан апрелге чейин 0,6%га, ал эми өткөн жылга салыштырмалуу 3,8%га өстү. Бул тууралуу USA Today басылмасына шилтеме берүү менен билдирилди.
Бул көрсөткүчтөр аналитиктердин күтүүсүнөн ашып түшүп, акыркы үч жылдагы эң жогорку инфляция деңгээли болду.
Жылдык базалык инфляция 2,8%га жетип, азык-түлүк жана энергия ресурстарынын кымбатташы жалпы инфляциянын өсүшүнө негизги таасир эткенин көрсөттү.
Бензиндин баасы бир ай ичинде 5,4%га өсүп, марттагы рекорддук 21,2% өсүүдөн кийин дагы баанын жогорулашын шарттады. Жалпысынан алганда, бензиндин баасы бир жылда 28,4%га жогорулады.
Американын автомобиль ассоциациясынын маалыматы боюнча, 12-майга карата өлкөдө кадимки бензиндин бир галлонунун орточо баасы 4,50 долларды түзгөн. Бул өткөн айдагы 4,13 доллардан жана өткөн жылдагы 3,14 доллардан жогору.
SoLo Funds платформасынын маалыматына ылайык, февралдан мартка чейин күнүмдүк керектөө товарларына кеткен чыгымдардын ичинде кийимге болгон үлүш 1,8%га кыскарган.
Апрель айында азык-түлүк үчүн төлөмдөр 0,7%га өсүп, жылдык өсүш 2,9%ды түздү.
Эт, канаттуулар, балык жана жумуртканын баа индекси бир айда 1,3%га жогорулады. Анын ичинде уй эти 2,7%га кымбаттады. Жемиштер менен жашылчалар 1,8%га, алкоголсуз суусундуктар 1,1%га кымбаттады. Сүт азыктары, дан азыктары жана нан азыктары да бир аз кымбаттаган.
АКШнын Эмгек статистикасы бюросунун маалыматына ылайык, ресторандардагы баалар да өстү: үйдөн тышкары тамактануунун баа индекси бир айда 0,2%га, ал эми жыл ичинде 3,6%га жогорулады.
Буга чейин 2025-жылдын башынан бери доллар болжол менен 10%га арзандаганы да кабарланган.















