АКШнын Нью-Орлеан шаарындагы түрмөдөн ар кандай кылмыштарга шектелген 11 эркек адам качып кеткенин NBC News телеканалы кабарлады.
Маалыматты жергиликтүү полициянын бюро башчысы Кристофер Гудли тастыктаган. Анын айтымында, качкандардын айрымдарына курал колдонуу менен оор кол салуу, куралдуу тоноо, уруп-сабоо жана баңги заттарга байланышкан кылмыштар боюнча айыптар тагылууда.
Гудли белгилегендей, качкандарды “куралчан жана кооптуу” деп эсептөө керек.
Шериф Сьюзан Хатсон билдиргендей, жазасын өтөп жаткандардын жоктугу 16-май күнү эртең мененки пландуу текшерүү маалында аныкталган. Алдын ала маалыматтарга ылайык, качуу түн ичинде башталган.
«Алар эшикти бузуп киришти. <…> Түнкү саат 1:01 чамасында түрмөнүн дубалын даараткана тарабынан тешип чыгып, түрмөдөн чыгып кетүүгө жетишкен», — деди шериф Хатсон.
Азыркы учурда полиция 11 качкан адамдардын бирөөсүн кармаганын билдирүүдө. Калгандарын издөө иштери уланууда.


















