Атайын операция учурунда кармалган Тре де Арагуа жана МС-13 кылмыштуу топторунун 17 мүчөсү АКШдан Сальвадорго депортацияланды.
Бул маалыматты АКШнын Мамлекеттик департаментинин билдирүүсүнө таянып Anadolu агенттиги жазды.
АКШнын президенти Дональд Трамптын администрациясы бул картелдерди чет элдик террордук уюмдар катары белгилеген.
Эске сала кетсек, өткөн март айында да АКШ соттун чечимине карабастан жүздөгөн кылмыштуу топтун мүчөлөрү АКШдан Венесуэлага, Сальвадорго депортациялаган.


















