Eurasiatoday
Жекшемби, 29-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

АКШ резолюцияга бөгөт коюп, палестиналыктарга карата чыныгы мамилесин көрсөттү

  • Батыш Азия, Саясат, ТОП жаңылыктар
  • 19.04.2024 13:12

Loading

АКШ БУУнун Коопсуздук Кеңешинин Башкы ассамблеяга Палестинаны бүткүл дүйнөлүк уюмга толук кандуу мүчө катары кабыл алууну сунуш кылган резолюция долбооруна вето койгонун РИА Новости жазды.

Резолюцияга БУУнун Коопсуздук кеңешинин 12 мүчөсү “макул” деп добуш берсе, Швейцария жана Улуу Британия добуш берүүдөн карманышты.

Палестина БУУда байкоочу статусуна гана ээ болсо, Израиль 1948-жылдан бери уюмдун толук укуктуу мүчөсү.

Тема боюнча

АКШдагы аба ырайынын катаал шарттары Ыраазычылык күнүн майрамдоодо  жүз миңдеген адамдардын жашоосун кыйындатты

АКШдагы аба ырайынын катаал шарттары Ыраазычылык күнүн майрамдоодо  жүз миңдеген адамдардын жашоосун кыйындатты

28.11.2026

Палестина БУУнун толук кандуу мүчөлөрүнүн катарына кабыл алууну 2011-жылы эле суранган, бирок ишке ашкан эмес. 2024-жылдын апрель айында мамлекет БУУнун мүчөлүгүнө кабыл алуу өтүнүчүн кароону Коопсуздук Кеңешинен расмий түрдө суранган. Анын өтүнүчүн Араб тобу, ИКУ жана блокторго кошулбоо кыймылы колдогон.

Араб мамлекеттеринин атынан Алжир тарабынан даярдалган резолюциянын долбоорунда «Коопсуздук Кеңеши Палестина мамлекетинин Бириккен Улуттар Уюмуна кабыл алуу арызын карап чыгып, Палестина мамлекетин уюмга мүчөлүккө кабыл алууну Башкы Ассамблеяга сунуш кылат” деп айтылган.

Эгерде бул сунуш Коопсуздук Кеңеши тарабынан кабыл алынса, анда ал Башкы Ассамблеянын кароосуна жиберилмек. Жаңы мамлекетти БУУга кабыл алуу үчүн ассамблея мүчөлөрүнүн үчтөн экисинин добушу керек.

Алжирдин БУУдагы туруктуу өкүлү Амар Бенжама АКШнын вето койгонуна карабай өлкө Палестинаны БУУнун толук укуктуу мүчөсү катары кабыл алуу маселеси менен Коопсуздук Кеңешине кайтып келерин убада кылды.

АКШнын резолюцияга вето коюшун бир катар өлкөлөр айыпташса, Израиль АКШга ыраазычылык билдирди.

Айрым араб делегациялары нааразчылык иретинде Израилдин туруктуу өкүлү Гилад Эрдан чыгып сүйлөп баштаганда БУУнун Коопсуздук Кеңешинин залынан чыгып кетишти.

РИА Новти жарыялаган видеодон ондогон дипломаттар жыйындын ортосунда залдагы орундарынан туруп залдагы эки чыга бериштен сыртка чыгып кетишкенин көрүүгө болот.

https://kg.eurasiatoday.ru/wp-content/uploads/2024/04/palestina.mp4

Палестина менен ХАМАСтын айыптоосу

Палестинанын администрациясы АКШны резолюцияга вето койгону үчүн айыптап, бул чечимди Батыш Азияны «туңгуюкка» түрткөн «агрессия» деп атады.

«АКШнын саясаты эл аралык укукка каршы  агрессияны жана биздин элибизге каршы согушту жана геноцидди улантууга шыктандырууну билдирет. Бул аймакты туңгуюктун четине карай ого бетер түртүп жатат”, – деген Палестинанын лидери Махмуд Аббастын кеңсесинин билдирүүсүн Франс Пресс агенттиги келтирди.

БУУдагы палестиналык байкоочу Рияд Мансур автономия АКШнын позициясына карабай чегинбейт деп билдирди.

“Бул резолюциянын кабыл алынбагандыгы биздин эркибизди сындырбайт жана биздин умтулуубузду талкалабайт. Биз аракетибизден артка чегинбейбиз. Палестина мамлекети сөзсүз болот, бул реалдуу нерсе”, – деди дипломат.

АКШнын резолюцияга бөгөт коюусун палестиналык ХАМАС кыймылы да айыптап,  бүткүл дүйненү палестиналыктардын өз тагдырын өзү чечүү укугу үчүн күрөшүн колдоого чакырды.

Кыймыл тараткан билдирүүдө АКШнын резолюцияга бөгөт коюусу Палестина элине, анын өз тагдырын өзү чечүүгө жана көз карандысыз Палестина мамлекетин түзүү укугуна каршы позициясын ошондой эле фашисттик оккупациялык түзүлүштү толук колдой турганын ырастары белгиленет.  

ХАМАС Палестина эли оккупацияны жеңгенге чейин жана борбору Иерусалим болгон өз алдынча, эгемендүү Палестина мамлекетин курмайынча күрөшүн жана каршылыгын уланта турганын билдирди.

“Биз оккупациялык режимди жактаган америкалык позицияны катуу айыптайбыз жана эл аралык коомчулукту… биздин Палестина элинин күрөшүн жана анын өз тагдырын өзү чечүүгө мыйзамдуу укугун колдоого чакырабыз”, — деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле Палестина кыймылы өз билдирүүсүндө  резолюция долбооруна “макул” деп добуш берген бардык өлкөлөргө ыраазычылык билдирди.

Небензя: АКШ палестиналыктарга карата чыныгы мамилесин көрсөттү

Россиянын туруктуу өкүлү Василий Небензя Коопсуздук кеңешинин жыйынында АКШ Палестинанын БУУга кабыл алынышына каршы добуш берүү менен палестиналыктарга карата чыныгы мамилесин көрсөткөнүн билдирди.

https://kg.eurasiatoday.ru/wp-content/uploads/2024/04/1-2.mp4

“Газадагы абалдын курчушу башталгандан бери бешинчи жолу вето колдонуу менен алар палестиналыктарга карата чыныгы мамилесин көрсөтүштү. Алар Вашингтон үчүн өз мамлекетине ээ болууга татыктуу эмес. Алар Израилдин кызыкчылыктарын ишке ашырууга тоскоол гана болуп саналат”, – деп кошумчалады туруктуу өкүл.

Ошол эле учурда Небензя муну менен Вашингтон дээрлик толугу менен изоляцияда калганын белгиледи.

Израилдин АКШга ыраазычылыгы 

Израилдин тышкы иштер министри Исраэль Кац АКШнын Палестинанын БУУга кабыл алынышы боюнча резолюцияга бөгөт коюу чечимин кубаттады.

“ХАМАСтын жөөт мамлекетине кол салуусунан алты айдан кийин Палестинаны БУУга кабыл алуу боюнча “маскаралык сунушка” вето койгон АКШга ыраазычылык билдирем”,- деп билдирди Израилдин тышкы иштер министри.

Ал Израиль ХАМАС жок кылынмайынча жана Газа тилкесиндеги барымтадагылардын баары бошотулмайынча күрөшүн уланта турганын кошумчалады.

Эске салсак, буга чейин Палестинанын Бириккен Улуттар Уюмуна кабыл алынышын бир катар өлкөлөр анын ичинде Россия, Кытай, Иран, Италия колдой турганын билдиришкен. 

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: АКШБУУветоКоопсуздук кеңешиПалестина
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

«Трамп коридору»: Түштүк Кавказдагы жаңы геосаясий долбоор жана Орусия менен Ирандын тынчсыздануусу

«Трамп коридору»: Түштүк Кавказдагы жаңы геосаясий долбоор жана Орусия менен Ирандын тынчсыздануусу

28.11.2026
АКШдагы аба ырайынын катаал шарттары Ыраазычылык күнүн майрамдоодо  жүз миңдеген адамдардын жашоосун кыйындатты

АКШдагы аба ырайынын катаал шарттары Ыраазычылык күнүн майрамдоодо  жүз миңдеген адамдардын жашоосун кыйындатты

28.11.2026
Грузияда кармалган «Бешикташтын» 16 күйөрманы дипломатиялык жана укуктук аракеттердин натыйжасында бошотулду

Грузияда кармалган «Бешикташтын» 16 күйөрманы дипломатиялык жана укуктук аракеттердин натыйжасында бошотулду

28.11.2026
Бийликти алмаштыруу же Иранды куралсыздандыруу: Трамп чындыгында эмнеге жетишүүнү көздөп жатат?

Бийликти алмаштыруу же Иранды куралсыздандыруу: Трамп чындыгында эмнеге жетишүүнү көздөп жатат?

27.11.2026
Трамп: АКШ Жакынкы Чыгышта мунай үчүн эмес, Израилди коргоо үчүн жүрөт

Трамп: АКШ Жакынкы Чыгышта мунай үчүн эмес, Израилди коргоо үчүн жүрөт

27.11.2026
Ирандык генералдын Кытайга күтүүсүз сапары: Вашингтон үчүн кооптуу белгиби же шашылыш сүйлөшүүлөрбү?

Ирандык генералдын Кытайга күтүүсүз сапары: Вашингтон үчүн кооптуу белгиби же шашылыш сүйлөшүүлөрбү?

26.11.2026
Италиялык гезит: Ирандын кемесине Украина сокку урган болушу мүмкүн

Италиялык гезит: Ирандын кемесине Украина сокку урган болушу мүмкүн

26.11.2026
АКШлык белгилүү журналист Трампка: «Согушту кайра баштасаңыз, чоң ката кетиресиз» деп эскертти

АКШлык белгилүү журналист Трампка: «Согушту кайра баштасаңыз, чоң ката кетиресиз» деп эскертти

25.11.2026
АКШда жеңил моторлуу учактын кыйрашынан алты адам каза болду

АКШда жеңил моторлуу учактын кыйрашынан алты адам каза болду

25.11.2026

Биздин Facebook

Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Ирандын лидери: «Басиж» душмандарга сокку уруунун бир да мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбайт

Ирандын лидери: «Басиж» душмандарга сокку уруунун бир да мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбайт

28.11.2026
Арагчи: Израиль Иранга каршы дооматтары менен АКШны согушка тартууну көздөп жатат

Арагчи: Израиль Иранга каршы дооматтары менен АКШны согушка тартууну көздөп жатат

26.11.2026
Тегерандын соту Минаб шаарындагы мектептин бомбаланышына байланыштуу АКШга каршы доо арызды кароону баштады

Тегерандын соту Минаб шаарындагы мектептин бомбаланышына байланыштуу АКШга каршы доо арызды кароону баштады

26.11.2026
Газадагы кышкы гуманитардык кризис: суу каптаган чатырлар жана өлүм коркунучундагы балдар

Газадагы кышкы гуманитардык кризис: суу каптаган чатырлар жана өлүм коркунучундагы балдар

24.11.2026
Иран парламенти Ядролук куралды жайылтпоо жөнүндө келишиминен чыгуу боюнча мыйзамды чукул арада кабыл алууга даяр

Иран парламенти Ядролук куралды жайылтпоо жөнүндө келишиминен чыгуу боюнча мыйзамды чукул арада кабыл алууга даяр

23.11.2026
Иран АКШнын аракеттеринен улам коргонуу доктринасын кайра карап чыгышы мүмкүн

Иран АКШнын аракеттеринен улам коргонуу доктринасын кайра карап чыгышы мүмкүн

21.11.2026

Валюталар курсу

Экономика

Ирак Курдистан аймагынын чек араларына аскерлерин жылдырууда

Ирак Курдистан аймагынын чек араларына аскерлерин жылдырууда

26.11.2026
Иранга каршы согуштук аракеттери башталгандан бери Түркиянын алтын-валюта резервдери 51 миллиард долларга кыскарды

Иранга каршы согуштук аракеттери башталгандан бери Түркиянын алтын-валюта резервдери 51 миллиард долларга кыскарды

24.11.2026
Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

18.11.2026
ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

18.11.2026
Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

17.11.2026
Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
224 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.