Pars Today маалымдагандай, америкалык CNN телеканалы АКШ президенти Доналд Трамп Вашингтондун айрым европалык союздаштарын Иранга каршы (АКШ-Израил) чабуулга кошулбаганы үчүн катуу сынга алганын билдирди.
CNN жазгандай, Трамп Kир Стармер баштаган Британия өкмөтүн сындап, Лондон АКШга Чагос аралдарындагы британ аскер базаларын Иранга каршы чабуул операциялары үчүн колдонууга уруксат бербей жатат деп айыптаган.
АКШ президенти сын менен гана чектелбей, Педро Санчес баштаган Испания өкмөтүн да сынга алды. Ал Испаниянын АКШнын Иранга каршы чабуулуна каршы чыгышына жооп катары Maдридге каршы толук соода эмбаргосун киргизүү коркунучун билдирди.
Бир жагынан, Европа лидерлери Перс булуңундагы союздаштарын колдоого жана аларга коопсуздук кепилдигин берип жаткан НАТО аркылуу Вашингтонду нааразы кылбоого аракет кылышууда. Ошондой эле Украина боюнча мүмкүн болгон тынчтык келишиминде АКШнын ролу алар үчүн абдан маанилүү бойдон калууда.
Экинчи жагынан, европалык мамлекеттер Иранга каршы согушка катышуусун чектеп жатышат. Көптөгөн европалык лидерлер бул согушту мыйзамдуу деп эсептешпейт жана алардын өз өлкөлөрүндө да бул согуш коомчулук арасында өтө популярдуу эмес.


















