АКШнын Өкүлдөр палатасынын мүчөсү, Республикачылар партиясынан Томас Мэсси Иран аймагында жүрүп жаткан аскердик аракеттерге АКШнын катышуусуна тыюу салган резолюциянын долбоорун Конгресске сунуштоону пландоодо.
Бул тууралуу шейшемби күнү The Hill басылмасы кабарлады.
Бул документтин авторлорунун бири — Демократиялык партиянын мүчөсү, конгрессмен Ро Кханна. Муну менен бул демилге АКШнын эки негизги партиясынын өкүлдөрү тарабынан биргелешип көтөрүлүүдө. Бул — өзгөчө түрдөгү резолюция болуп, эгер Конгресс тарабынан кабыл алынса, аткарууга милдеттүү болот.
«Ирандагы согушка жол жок. Ар бир Конгресс мүчөсү бул тууралуу ачык айтчу убакыт келди. Сиздер бизди Иракка жетелеген неоконсерваторлор тараптасыздарбы же Америка элин колдойсуздарбы? Мен бул эки партиялуу резолюциянын авторлорунун бири болгонума сыймыктанам», — деп билдирген Кханнанын сөзүн басылма келтирет.
Өз кезегинде Мэсси: «Бул биздин согуш эмес. Эгер ошондой болгондо, бул тууралуу чечимди Конституцияга ылайык Конгресс кабыл алышы керек эле», — деп белгилеген.
Бул Конгрессте сунушталган мындай мүнөздөгү биринчи эле демилге эмес. Буга чейин демократ-сенатор Берни Сандерс атайын уруксатсыз Иранга каршы аскердик күч колдонууга федералдык каражат бөлүүгө тыюу салган мыйзам долбоорун сунуштаган. Бул демилгени анын партиялаштары, өзгөчө сенатор Элизабет Уоррен колдоп чыгышкан.
Мындан тышкары, демократ-сенатор Тим Кейн да өз резолюциясынын долбоорун сунуштаган. Ал документте Конгресстин уруксаты жок АКШнын Иран менен аскердик жаңжалга тартылышына жол бербөө чакырыгы камтылган.















