CNN: Демократтар Израилдин премьер-министри Нетаньяхудан алыстоого аракет кылууда, бирок мунун кеч болуп калганынан кооптонушууда.
АКШ Конгрессиндеги демократтар, анын ичинде Израилди дайыма колдоп келген айрым саясатчылар дагы, алдыда боло турган 2026-жылдагы аралык шайлоолордун алдында Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхудан саясий жактан алыстоого аракет кылып жатышат. Бул тууралуу CNN телеканалы кабарлады.
«Көптөгөн партия лидерлери Нетаньяхудан ачык түрдө кол үзүп жатышат. Максат — антиизраильдик маанайдын кийинки жылдагы шайлоодо демократтарга зыян келтиришине жол бербөө», — деп айтылат маалыматта.
Сенатор Брайан Шац, еврей тектүү демократ, мындай деди:
«Нетаньяхунун саясаты Израилди, анын элин жана еврей жамаатын дүйнө жүзү боюнча алсыратууда» деген түшүнүк күч алып бара жатат.
2026-жылдын ноябрында АКШда аралык шайлоо өтөт:
-
Төменкү палатанын (Өкүлдөр палатасы) бардык орундар жаңыланат;
-
Сенатта — 100 орундан 35и шайлоого коюлат.
Демократтар былтыркы жеңилүүдөн кийин Конгрессти кайра көзөмөлгө алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.
Буга чейин, июнь айында, учурдагы президент Дональд Трамп Израилде Нетаньяхуга каршы жүрүп жаткан паракорчулук жана алдамчылык боюнча сот ишин токтотуу керектигин айткан.
Ошондой эле, буга чейин Нетаньяху Нобель комитетинен Трампты Тынчтык сыйлыгына көрсөтүүнү өтүнгөн.


















