АКШ 30-сентябрга карата өз аскерлерин Ирактын аймагынан толугу менен чыгарып кетти. Ирактагы америкалык аскердик миссиянын аяктаганын белгиленген мөөнөткө аз калганда Ирактын куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысынын басма сөз катчысы Сабах ан-Нуман жергиликтүү INA агенттигине билдирген. Анын айтымында, өлкөдө, анын ичинде автономдуу Ирак Күрдистанында да чет элдик аскерлер жана аскердик базалар калбайт.
Ан-Нуман буга байланыштуу Ирак өз коопсуздугун өз алдынча камсыз кыла аларын белгиледи.
Ирак бийлиги 1-октябрда өлкөнүн премьер-министри Али аз-Зейдинин жетекчилиги алдында эл аралык конференция өткөрүүнү жана «эгемендүүлүктүн толук калыбына келишине» арналган иш-чараларды уюштурууну пландап жатат.
Ирактын бийлиги америкалык аскерлердин өлкөдөгү катышуусунун аякташына байланыштуу эки күндүк майрамдык эс алуу күндөрүн жарыялады. Бул күн «Эгемендүүлүк күнү» деп аталды.
Өлкөдөгү каршылык көрсөтүүчү топтордун жетекчилери АКШ күчтөрүнүн чыгарылышын кубатташты.
«Бул — исламдык каршылык көрсөтүүнүн жана мекенчил ирактыктардын тарыхый жеңиши, ал эми америкалыктар үчүн кыйраткыч жеңилүү. Биз Ирактын тарыхындагы чет элдик баскынчылар өз эркин таңуулоого аракет кылган караңгы баракты жаптык», — деп билдирди «Исламдык каршылык көрсөтүү» кыймылынын командири Абу Моджтаба аль-Ясири Reuters агенттигине.
АКШ Иракка 2003-жылы кирген. АКШ баштаган коалиция Саддам Хусейндин бийлигин кулатуу үчүн аскердик операция жүргүзгөн. Вашингтон Иракта массалык кыргын салуучу куралдар бар экенин жана Саддам Хусейндин режими терроризм менен байланышта экенин негиз катары келтирген. Бирок кийин Ирактан мындай куралдар табылган эмес. Саддам Хусейн бийликтен кулатылып, америкалык аскерлер Иракта бир нече жыл калып, коопсуздук иштерине катышкан. 2011-жылы негизги америкалык контингент чыгарылган, бирок 2014-жылы ИМ террордук уюмуна каршы күрөшүү үчүн АКШ аскерлери кайра келген.
2024-жылы Багдад менен Вашингтон АКШ президенти Жо Байдендин тушунда Иракта калган америкалык аскерлерди этап-этабы менен чыгаруу боюнча макулдашкан.
Январь айынын аягында АКШ жетектеген эл аралык коалиция Ирактын федералдык аймагындагы базалардан Ирактын Күрдистанынан башка бардык бөлүктөрүн жана аскердик кеңешчилерин чыгарып кеткени жарыяланган. 9-июлда Ирактын премьер-министри Али аз-Зейди эл аралык коалициянын контингенти Ирактагы милдеттерин 2026-жылдын 30-сентябрында аяктай турганын билдирген.


















