АКШ президенти Дональд Трамп башка өлкөлөрдөн импорттолгон товарларга пошлина (алым) киргизди.
Бул тууралуу ал Ак үйдө өткөн маалымат жыйынында билдирди.
Тизмеге ылайык, 185 өлкөнүн продукциясына өз ара принциби менен алымдар киргизилди. Базалык ставка 10%ды түзөт, бирок бир катар өлкөлөр үчүн жогорулатылган тарифтер белгиленген.
Пошлина киргизилген өлкөлөрдүн ичинде Кыргызстан да бар. Кыргызстанга минималдуу 10 пайыздык алым киргизген. Мындан тышкары, КМШнын бир катар өлкөлөрү – Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Армения жана Азербайжан үчүн 10%дык алым киргизилген. Казакстан үчүн бул көрсөткүч 27% деп белгиленген. Иран үчүн 10%дык алым киргизилген.
Ал эми Кытай үчүн алым 34%, Евробиримдик – 20%, Швейцария – 31%, Улуу Британия – 10%, Израиль – 17% болот.
Эң жогорку тарифтердин айрымдары Вьетнамга (46%), Камбоджага (49%) жана Лаоско (48%) киргизилген.
Тизмеде Россия жок, ошол эле учурда Украина 10%дык алым менен тизмеге кирген.
Америка Кошмо Штаттары күзгү тарифтерди киргизген өлкөлөрдүн тизмеси. Оң жактагы тилке (сары менен белгиленген) АКШнын тарифтерин көрсөтөт, ал эми сол жактагы ал өлкөлөрдүн АКШга карата тарифтери көрсөтүлгөн.
Жаңы тартип 5-апрелден тарта иштей баштайт. Ал эми 9-апрелден тарта соода тартыштыгы арбыныраак мамлекеттер үчүн жогорулатылган тарифтер күчүнө кирет.





















