29-майда АКШнын Сирия боюнча атайын өкүлү Томас Баррак жана Сириянын тышкы иштер министри Хасан аль-Шайбани Дамаск шаарындагы АКШ элчилигинин имаратында АКШнын желегин көтөрүштү. АКШ өкүлү ошондой эле Сириянын президенти Ахмад Аш-Шараа менен жолугушуу өткөрдү.
29-майда АКШнын Түркиядагы элчиси жана Сирия боюнча атайын өкүлү Томас Баррак АКШнын Дамасктагы элчилигинин имаратында Американын мамлекеттик желегин көтөрдү. Бул окуя 2012-жылы элчилик жабылгандан берки биринчи жолу болуп жатат.
Дипломатиялык өкүлчүлүктү расмий түрдө кайра ачуу аземине Сириянын тышкы иштер жана миграция министри Хасан аль-Шайбани катышты.
Сириянын президенти Ахмад Аш-Шараа да Томас Баррак менен президенттик резиденциясында жолугушуу өткөрдү. Жолугушууга тышкы иштер министри, коргоо министри жана чалгын кызматынын жетекчилери катышкан.
Reuters агенттигинин маалыматына ылайык, акыркы апталарда АКШ Сириянын жаңы жетекчилиги менен байланыштарды жандандырууну тездете баштаган. Май айынын ортосунда АКШ президенти Дональд Трамп Сауд Аравиясынын Эр-Рияд шаарында Сириянын президенти Ахмад Аш-Шараа менен жолугуп, Сирияга каршы санкцияларды жеңилдетүү ниетин билдирген.

АКШнын Мамлекеттик департаментинин Жакынкы Чыгыш боюнча башкармалыгы Трамптын сөзүн мындай деп келтирет:
«АКШнын Түркиядагы элчиси Том Баррак эми Сирия боюнча атайын өкүл болуп иш алып барат. Баррак экстремизмди токтотуунун, өз ара мамилелерди жакшыртуунун жана Жакынкы Чыгышта тынчтык орнотуунун маанисин жакшы түшүнөт. Биз Америка менен дүйнөнү дагы бир жолу коопсуз кылабыз!»
Кечээ Европалык биримдик дагы Сирияга каршы бардык экономикалык санкцияларды жокко чыгарганын жарыялады.
Баррак 23-майда Сирия боюнча атайын өкүл болуп дайындалып, бул сапары өлкөгө болгон биринчи расмий иш сапары болуп эсептелет.
АКШ 2012-жылдын февраль айында Сирияда Башар Асадга каршы нааразылык акциялары башталган соң элчилигин жапкан. Андан кийин АКШнын атайын өкүлдөрү Сирияга барбай, ишмердүүлүктү сырттан жүргүзүп келишкен.
Асад үй-бүлөсүнүн ондогон жылдык диктатурасынын натыйжасында жүз миңдеген адамдар каза болуп, миллиондогон сириялыктар үй-жайын таштап кетүүгө аргасыз болушкан. Батыш өлкөлөрү Башар Асадга каршы санкцияларды киргизип, дипломатиялык алакаларды үзүшкөн.
Башар Асаддын режими 2024-жылдын декабрь айында Ахмад Аш-Шараа башында турган аскердик операциянын натыйжасында кулатылган. Асад өзү Москвага качып кеткен.
Сүрөт: Сириянын Тышкы иштер министрлиги















