Европалык адис Роберт Просинечки футбол боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу болуп дайындалды. Бул тууралуу келишим бүгүн, 10-декабрда, Кыргыз футбол бирлигинде КФБнын президенти Камчыбек Ташиевдин катышуусунда расмий түрдө бекитилди.
Маалыматка караганда, келишим 1 жыл 1 ай мөөнөткө түзүлдү. Эгерде Просинечкинин жетекчилиги астында улуттук курама 2027-жылдагы Азия Кубогунда ийгиликтүү оюн көргөзсө, макулдашуу кошумча 3 жылга узартылат.
Ташиев өз сөзүндө жаңы машыктыруучунун келиши менен курамада жаңы дем пайда болорун белгилеп, алдыда чоң максаттар турганын жана сапаттуу өзгөрүүлөр күтүлөрүн айтты. Ошондой эле бул жаңы келишим Кыргызстандын улуттук командасынын өнүгүүсүнө жаңы шарттарды түзүп, жогорку деңгээлге чыгарарына ишеним артаарын билдирди.
Роберт Просинечки ким?
Ал футболчу катары Югославиянын улуттук курамасында 15 оюн өткөрүп, 4 гол киргизген. Ошондой эле, Хорватиянын курама командасы үчүн 49 беттешке түшүп, 10 голдун автору болгон.
56 жаштагы Просинечки клубдук деңгээлде бир катар атактуу командалардын намысын коргогон. Алсак, Сербиянын «Црвена Звезда» клубунда 117 оюнга чыгып, 24 гол киргизген. Мындан сырткары, Испаниянын «Реал Мадрид» (55 оюн, 10 гол), «Реал Овьедо» (30-5), «Барселона» (19-2), «Севилья» (20-4), Бельгиянын «Стандарты» (20-4) жана Англиянын «Портсмут» (33-9) клубдарында ойногон.
Ал профессионалдык оюнчулук карьерасын 2004-жылы Хорватиянын «Загреб» клубунда жыйынтыктап, машыктыруучулук жолун Загребдин «Динамо» командасынан баштаган. Ошондой эле Хорватиянын, Азербайжандын, Босния жана Герцеговинанын, Түркиянын жана Черногориянын улуттук командаларын, андан сырткары, бир катар европалык клубдарды жетектеген.
Просинечки футбол карьерасында «Реал Мадрид», «Барселона», «Црвена Звезда» клубдарында негизги оюнчу болгон. 1998-жылы Хорватия курамасы менен Дүйнө чемпионатында коло медаль уткан.
Жаңы башкы машыктыруучу келгенден кийин Кыргызстандын улуттук курамасын машыктырган буга чейинки бир канча адистерди тизмектейбиз.
Урмат Абдукаимов
Просинечкиге чейин “Ак шумкарларды” “Талант” клубунун башкы машыктыруучусу Урмат Абдукаимов убактылуу жетектеп турган. Анын тушунда Улуттук курама ийгилик жарата алган жок. Эң маанилүү оюн катары быйыл Өзбекстанда өткөн CAFA Улуттар Лигасы болду. Анда Кыргызстандын курама командасы тайпада акыркы орунду алды.
Тактап айтканда, тайпалык баскычта үч оюн өткөрүп, бир гана упай топтоого жетишти. Группадагы атаандаштары — Өзбекстан, Оман жана Түркмөнстан — күчтүү курам менен катышкандыктан, оюндар жогору темпте өттү.
Турнирдин жыйынтыгына ылайык, “Ак шумкарлар” А тайпасында акыркы орунда калышты. Команда үч оюнда эки жолу жеңилүүге учурап, бир гана тең чыгуу көрсөткөн. Ушул натыйжалар Улуттук кураманын жаңыланууга муктаж экенин дагы бир жолу далили болду. Урмат Абдукаимов Максим Лисицын кызматтан алынгандан кийин келген.
Максим Лисицын
Орусиялык адис Максим Лисицын 2024-жылы июнь айында расмий түрдө Кыргызстандын улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу катары дайындалган. Ага чейин ал Кыргызстанда бир нече жыл бою иштеп, жаштар (U-20) жана Олимпиадалык (U-23) курамалардын жетекчиси болгон.
Жаштар жана Олимпиадалык курама менен иштөө учурунда Лисицындин алдына коюлган максаттардын бири — келечектеги башкы команда үчүн жаш, потенциалдуу оюнчуларды даярдоо эле. 2022-жылы анын жетекчилигинде Кыргызстан U-20 курамасы Азия кубогунун финалдык баскычына чыгып, бул — өлкөнүн жаш футболундагы маанилүү жыйынтык болгон.
Башкы команда менен иштеп баштаганда — 2024-2025 сезонунда — Лисицын командага тактыктык өзгөрүүлөрдү киргизүүгө, курама кураманы кайра жаңылоого жана жас оюнчуларга мүмкүнчүлүк берүүгө аракет кылган.
Ал ошондой эле 2026-жылкы дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын үчүнчү раундунда команда башчысы болуп, оюн тажрыйбасын жогорулатууга жана эл аралык деңгээлдеги кабылдамага чыгууга шарт түзүүнү көздөгөн.
Бирок 2025-жылы июнь айында аны менен түзүлгөн келишимдин мөөнөтү аяктагандан кийин келишим андан ары узартылган эмес.
Штефан Таркович
Лисицынга чейин Улуттук кураманы словакиялык машыктыруучу Штефан Таркович дээрлик 14 ай машыктырган. Бул аралыкта ал 9 ирет расмий беттеш өткөрүп, анын үчөөндө жеңишке жеткен. Ал эми үчөө тең чыгуу, калган үчөө жеңилүү болгон. Жыйынтыгында, Улуттук курама 2023-жылдагы Азия оюндарында тайпадан чыкпай калып, сынга кабылган.
Бирок анын эмгеги катары Дүйнөлүк Чемпионатка тандап алуунун 2-раундунун жыйынтыгында: ушул турнирдин кийинки раундуна өтүү менен бирге, 2027-жылы Сауд Аравиясында өтө турган Азия кубогунун финалдык беттештерине алдын ала жолдомо утканын белгилей кетүү керек. Муну менен кыргыз футболу тарых жараткан.
Александр Кристинин
Кыргызстандын Улуттук курамасы Орусиядан келген адис Александр Кристининдин башкаруусунда жаңы деңгээлге чыкканын өзгөчө белгилеш керек. Бирок, кыргыз футболчулары андай деңгээлге даяр да болуп калган болчу деген пикирлер бар. Кристининдин тушунда да тарых жаралып, биринчи жолу Азия чемпионатына катышкан.
Ошол жылдары улуттук кураманын оюнчулары профессионалдык деңгээлде бир топ жогорулап, күчтүү клубдарга өтүп жатышкан. Чет өлкөлүк машыктыруучу менен иштөө оюнчулар үчүн башкача дисциплина, башкача талаптарды жараткан. Ошентип мунун баары команданын тактикалык ой жүгүртүүсүнө оң таасир берген.
Аны менен бирге, жергиликтүү талдоочулар “Крестинин келгенде даяр кадрларды гана иштетти” деген ойду да четке какпайт. Анткени ошол учурда улуттук курамда жашы жетилип, тажрыйбасы топтолгон бир нече муун бир убакта чогулуп калган эле. Бирок кандай болгон күндө да анын жетекчилигинде алынган натыйжалар — кыргыз футболунун тарыхына алтын тамгалар менен жазылган учурлар бойдон калды.
А. Белеков

















