Мажбурлап конууга жүргүнчүлөрдүн биринин ден соолугунун начарлашы себеп болгон.
Фергана – Москва багыты боюнча СУ1971 каттамын аткарган орусиялык «Аэрофлот» авиакомпаниясынын учагы Ташкент аэропортуна шашылыш конду. Буга жүргүнчүлөрдүн биринин ден соолугунун начарлашы себеп болгон. Экипаж башка аэродромго багыт алууну чечти.
Боинг 737 учагы борборго жергиликтүү убакыт боюнча саат 22:11де конду. Жүргүнчү (1954-жылы туулган аял) жана анын жүгү борттон чыгарылгандан кийин ал инсультка шектелип, Ташкенттеги медициналык мекемелердин бирине жаткырылган.
Учак Ташкент убактысы боюнча саат 23:02де Москвага учуп кетти.
Сүрөт: samolety.org














