Эртең, 17-апрелде, АФК кубогунун интерзоналдык финалында ата мекендик “Абдыш-Ата” футболдук клубу австралиялык “Централ Кост Маринерсти” өз үйүндө кабыл алат.
Оюн Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо саат 18:00дө башталат. Беттешти УТРК Спорт телеканалы түз алып көрсөтөт.
Бул жуптагы жеңүүчү клуб турнирдин гранд финалына чыгып, анда Батыш зонанын чемпиону менен кез келет.
Аталган зонанын чемпиону наамы үчүн учурда «Аль-Ахед» (Ливан) жана «Аль-Нахда» (Оман) клубдары ат салышууда. Булардын биринчи оюну 2-1 эсебинде Ливан клубунун пайдасына аяктаган. Ал эми, командалардын ортосундагы чечүүчү беттеш бүгүн, 16-апрелде өтөт.
“Абдыш-Ата” жана “Централ Кост Маринерс” клубдарын эки беттештен турган күчтүү тиреш күтүп турат.
Биринчи беттеш 17-апрелде Бишкекте өтсө, экинчиси 24-апрелде Австралиянын Госфорд шаарында өтөт.
“Централ Кост Маринерс” Австралиянын Премьер-лигасында ойноп, 2023-24 сезонунун чемпионатынын 24 турунан кийин турнирдик жадыбалда биринчи орунду ээлеп турат.
Ал эми “Абдыш-Атанын” да көрсөткүчү эң мыкты. Башкача айтканда, учурда Кыргыз Премьер-лигасында алдыңкы орунда жайгашкан. Ошондой эле Эл аралык футбол федерациясынын 500дөн ашык футбол клубдарын каттаган дүйнөлүк рейтингинде “Абдыш-Ата” 265-орунга жайгашкан. Болбосо эки ай башта эле 386-орунда турган.
АФКнын регламентине ылайык, АФК Кубогунун финалына чыгып, биринчи орунду алган клуб 1,5 млн, экинчи орунду алган клуб 750 миң долларга ээ болот.

















