Eurasiatoday
Жума, 20-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

Афганистанда Камал Хан суу тосмосу ГЭС менен кошо 99% даяр

  • Аналитика
  • 06.05.2024 16:38

Loading

Афганистандын энергетика жана суу ресурстар министрлиги Камал Хан суу тосмосунун ГЭС менен кошо жана суу сактагычынын реконструкциясы 99%га аяктап, гидротехникалык курулушу жакында пайдаланууга берилерин маалымдады. 

TOLOnews маалымат каражатына Афганистандын энергетика жана суу ресурстар министрлигинин пресс-катчысы Матиулла Обиддин билдирүүсү боюнча, тосмо менен курчалган суу сактагычка 52 миллион кубометр сууну батырууга  жөндөмдүү жана гидроэлектростанция алты мегаватт электр энергиясын иштеп чыгарып, 174 000 гектардан ашык айыл чарба жерлерин сугарат.

«Жумушу 99%га аяктап калган Нимроз провинциясында жайгашкан Камал Хан тосмосунун долбоору өлкөнүн энергетика жана суу ресурстар министрлигинин өтө маанилүү пландарынын бири  болуп саналат», – деди ал.

Тема боюнча

Иран Ооганстанга жер бөлүп берет

Иран Ооганстанга жер бөлүп берет

09.10.2026

Афганистандын айыл чарба жана малчылык боюнча палатасы тосмону куруу айыл чарба жерлерин сугаруудагы маанилүү  роль аткара тургандыгын моюнга алат. Ведомство суу ресурстарын туура пайдалануу менен Афганистан импорттогон-өлкөдөн экспорттогон-өлкөгө айлана алат деп белгилейт.

«Камал Хан тосмосу – бул өтө жакшы жетишкендик. Куштепа каналы менен биргеликте эле Шах жана Арус тосмолоруна да биз өкмөткө Кунар тосмосун көзөмөлдөөнү жана түзүүнү сунуштайбыз, себеби суу Афганистанда баалуу, ал эми Афганистан – айыл чарба өлкөсү», – деди Палатанын жетекчисинин орун басары Мирвайс Ходжизода.

Айрым эксперттер өлкөдөгү суу бөлүштүрүүчү тосмолордун курулушунун маанилүүлүгүн белгилөө менен тосмо курууга жана суу ресурстарын башкарууга инвестицияны жогорулатуу керек дешүүдө.

«Тосмолорду куруу бир эле электр энергиясын иштеп чыгаруу үчүн өтө маанилүү болуп саналбастан, ал бизди кургакчылыктан коргогондугу боюнча да керек», – дейт суу ресурстарын башкаруу боюнча эксперт  Наджибулла Садид.

Гильменддин суусун Иран менен бөлүшөт

Мурда Афганистандын энергетика жана суу ресурстар министрлиги өлкөдө быйылкы жылы сууну үнөмдөө жана суу сактагычтарда суу топтоо боюнча 300дөн ашык долбоорлорду ишке ашырууну билдирген.

Өткөн жылы Камал Хан суу сактагычы долбоордук деңгээлге жеткенде Афганистан ашыкча сууну кошуна Иранга агызган.

Камал Хан тосмосу тосуп турган Гильменд дарыясынан суу алуу укугу ирандык бийликтин Афганистанга дайыма талабы болуп келген. Ал акыркы жылдары Кабул менен Тегерандын ортосундагы мамилелерде чыңалууларга да алып келген.

«Биз Афганистандагы суунун корун толтурууга жана Ирандын алдындагы милдетибизди сактоого аракет кылабыз. Сууну агызуу – бул туура чечим», – деп билдирүү жасаган анда талибдердин өкмөтүнүн пресс-катчысы  Забихулла Муджахид  TOLOnewsка берген маегинде.

Бирок ошол учурда Нимроздун айылдарынын жашоочулары жакындагы кургакчылыктан каттуу жабыркашкандыгын жана  Камал Хан суу сактагычындагы суунун корунан биринчи кезекте пайдаланыш керектигин белгилешкен.

«Нимроздун жашоочулары артыкчылыкка ээ болушу керек. Акыркы эки жылдагы кургакчылыктан биз каттуу жабыркадык, – деген Нимроздун жашоочусу  Гул Ахмад. – Алгач бизди суу менен камсыз кылгыла. Түшүм өскөндөн кийин гана ашыкча сууну кошуналарга бергиле».

Гильменд дарыясы боюнча келишим 1973-жылы Афганистандын премьер-министри Мухаммад Муса Шафик жана анын ирандык кесиптеши Аббас Ховейдо тарабынан кол коюлган. Келишимге ылайык, Афганистан Гильменд дарыясынан сууну бөлүшүүгө  жана секундасына 26 кубометр же жылына 850 миллион кубометр суу берүүгө милдеттенген.

Бир жылга келишим түзүлгөн

Белгилей кетүүчү жагдай, 2023-жылдын аягында Тажикстан жана Афганистандын электроэнергиялык компаниялары тажик электр энергиясын бул өлкөгө берүү келишимин түзгөн.

Документ Da Afghanistan Breshna Sherkat (DABS) башчысы Мулло Мухаммад Ханиф Хамза жана   «Барки точик» ААК башчысы Махмадумар Асозод тарабынан Түркияда кол коюлган.

DABSтын маалыматында Түркиядагы жолугушууда тараптар ошондой эле Тажикстандан Афганистанга жаңы 500 кВ чыңалуудагы электр  энергиясынын линиясын куруу мүмкүнчүлүгүн да талкуулашкан.

Ошондой эле афгандык компаниянын жетекчилиги «Тажикстанга Афганистан жана Пакистанга Тажикстан менен Кыргызстандан электр энергиясын берүү каралган CASA-1000 долбоорун жандандыруу, координациялоо жана ишке ашыруу боюнча кызматташууга кайрылгандыгы» да белгиленген.

2008-жылы Тажикстан жана Афганистан тажик электр энергиясын 2028-жылга чейинки мөөнөткө берүү келишимин түзүшкөн. Тараптар ар бир жылдын аягында келерки жылга электр энергиясын берүүнүн көлөмү жана анын баасы боюнча кошумча кошумча протоколго кол коюшат.

Тажикстандын статистика ведомствосунун маалыматы боюнча, республика 2023-жылдын ноябрында $1,9 млн.дон ашык суммага электр энергиясын экспорттогон, бул мурдагы айга салыштырганда 46%га көп.

Жалпысынан 2023-жылдын башынан бери тажик электр энергиясы чет өлкөгө $107,7 млн.дон ашык суммага сатылган. Бул 2022-жылдын ушул мезгилиндеги көрсөткүчтөн  дээрлик 5%га көп.

2023-жылы Тажикстан эки өлкө гана – Афганистан жана Өзбекстан менен электр энергиясын сатуу келишимин түзгөн.

«Барки точик» ААК мурда Өзбекстанга электр энегиясын берүү жай мезгилинде, ал эми Афганистанга күз-кыш мезгилинде да улантылып, бирок анча көп эмес көлөмдө, «инфраструктураны сактоо үчүн гана» берилери белгиленген. Себеби жылдын суук мезгилинде республиканын өзүндө электр энергиясынын кескин жетишсиздиги жаралат.

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: афганистанБорбор Азиядагы суу тартыштыгыКамал ХанКуштепа
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

2026-жылы Афганистандын университеттерине бир да кыз кабыл алынган эмес: өлкө аял адистерсиз калуу коркунучунда

2026-жылы Афганистандын университеттерине бир да кыз кабыл алынган эмес: өлкө аял адистерсиз калуу коркунучунда

13.11.2026
Иран Ооганстанга жер бөлүп берет

Иран Ооганстанга жер бөлүп берет

09.10.2026
Ооганстан менен Пакистандын чек арасындагы жаңы чыңалуу: тараптар Нуристандагы салгылашууларды ар башкача сүрөттөшүүдө

Ооганстан менен Пакистандын чек арасындагы жаңы чыңалуу: тараптар Нуристандагы салгылашууларды ар башкача сүрөттөшүүдө

28.09.2026
Пакистан Ооганстандагы буталарга абадан сокку урду

Пакистан Ооганстандагы буталарга абадан сокку урду

24.09.2026
БУУнун Коопсуздук Кеңеши Ооганстандан келип чыккан коркунучтар тууралуу дагы бир жолу эскертти

БУУнун Коопсуздук Кеңеши Ооганстандан келип чыккан коркунучтар тууралуу дагы бир жолу эскертти

22.09.2026
Пакистан Ооганстандын Бадахшандагы куралдуу топторду колдойт деген айыптоосун четке какты

Пакистан Ооганстандын Бадахшандагы куралдуу топторду колдойт деген айыптоосун четке какты

27.08.2026
Афганистан цемент өндүрүшүнө басым жасоодо: алты жаңы завод өлкөнү импорттоочудан экспорттоочуга айландырат деп күтүлүүдө

Афганистан цемент өндүрүшүнө басым жасоодо: алты жаңы завод өлкөнү импорттоочудан экспорттоочуга айландырат деп күтүлүүдө

14.08.2026
Ооганстан Өзбекстанга картошка экспорттой башташы мүмкүн

Ооганстан Өзбекстанга картошка экспорттой башташы мүмкүн

29.07.2026
Чек арадагы чыңалуу: Пакистан Афганстандан учурулган төрт дронду атып түшүргөнүн билдирди

Чек арадагы чыңалуу: Пакистан Афганстандан учурулган төрт дронду атып түшүргөнүн билдирди

01.07.2026

Биздин Facebook

Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Иран аймактагы өлкөлөрдү АКШнын соккулары үчүн өз аймактарын пайдаланууга бербөөгө чакырды

Иран аймактагы өлкөлөрдү АКШнын соккулары үчүн өз аймактарын пайдаланууга бербөөгө чакырды

19.11.2026
Карануска

МАГАТЭнин Иран жана Израилге карата кош стандарттары: Иран ТИМинин өкүлү Гроссиге жооп берди

19.11.2026
Путин менен Си Цзиньпин Кытайдагы жолугушууда жаңы дүйнөлүк тартип тууралуу билдирүү жасашты

Путин менен Си Цзиньпин Кытайдагы жолугушууда жаңы дүйнөлүк тартип тууралуу билдирүү жасашты

18.11.2026
Иран Бахрейндеги АКШнын радардык системасына үчүнчү жолу дрон менен сокку урду

Иран Бахрейндеги АКШнын радардык системасына үчүнчү жолу дрон менен сокку урду

18.11.2026
АКШ Иранга каршы согушта мөөнөтү өтүп кеткен ок-дарыларды колдонгонун моюндады

АКШ Иранга каршы согушта мөөнөтү өтүп кеткен ок-дарыларды колдонгонун моюндады

18.11.2026
Ирандын ТИМ башчысы Омандын султаны менен жолугушту

Ирандын ТИМ башчысы Омандын султаны менен жолугушту

17.11.2026

Валюталар курсу

Экономика

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

18.11.2026
ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

18.11.2026
Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

17.11.2026
Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

28.10.2026
Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

27.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
217 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.