Афганистанда “Талибан” бийликке келгенден кийин бул кыймылдын лидери атайын буйрук чыгарып, өлкөдө баңгизаттын бардык түрүн өстүрүүгө, өндүрүүгө, сатып алууга, сатууга, колдонууга жана ташууга толук тыюу салган.
Буйрукту аткаруу боюнча жооптуу мекемелер апийим айдагандарга жана баңгизат өндүргөндөргө каршы бир топ катаал чараларды көрүп, көзөмөлдү күчөтүштү. Натыйжада, БУУнун Баңгизат жана кылмыш боюнча башкармалыгы сыяктуу эл аралык көзөмөл органдарынын маалыматы боюнча өлкөдөгү баңгизат өндүрүшү 92 пайызга кыскарган.
Афганистандын түштүгүндөгү көптөгөн дыйкандарынын экономикасы көбүнчө апийимге көз каранды болгондуктан, тыюу салуу алардын жашоосуна олуттуу таасир тийгизди. Эл аралык уюмдар баңгизатка каршы саясат ийгиликтүү болушу үчүн тыюу менен кошо фермерлерди колдоочу программалар да ишке ашырылышы керек деп эсептешет. Болбосо, экономикалык кысым саясаттын натыйжалуулугун төмөндөтүшү мүмкүн.
Шафран — Афганистанда апийимдин ордуна өстүрүүгө ылайыктуу өсүмдүктөрдүн бири. Бул өсүмдүктүн сууну аз талап кылганы, жогору баалуу болушу, отургузуу жана жыйноо иштеринин жеңилдиги менен альтернативдүү өсүмдүктөргө караганда көбүрөөк кирешелүү болушу мүмкүн. Маалыматтарга караганда, афган шафраны дүйнөлүк базарларда жакшы суроо-талапка ээ болгондуктан, бул фермерлерге стимул боло алат.
Учурда Афганистандын Герат сыяктуу батыш провинцияларындагы жерлердин бир кыйла бөлүгүнө шафран айдалып жатат жана бул тенденция өлкөнүн түштүгүнө да жайылат деген үмүт бар.
Шафран — дүйнөдөгү эң кымбат жана баалуу өсүмдүктөрдүн бири. Аталган өсүмдүк тамак-ашка кошулуп, дары-дармек жасоодо жана химиялык өндүрүштөрдө кеңири колдонулат. Шафрандын түсү кою кызыл, жыпар жыттуу жана даамы жагымдуу келет. Бир килограмм шафран алуу үчүн 150 миңден ашык гүл керек болот. Ошол себептен бул өсүмдүк дүйнөдөгү эң кымбат татымалдардын бири катары белгилүү.

















