«Талибан» Пакистанга каршы операциянын ийгиликтүү аяктаганын жарыялады.
Афганистан менен Пакистандын чек арасындагы аймакта катуу салгылашуулар болду. Пакистан тарап афган күчтөрүн негизсиз чабуулдарга айыптап жатат, ал эми Кабул Дюранд сызыгы боюнча жайгашкан пакистандык аскердик базаларга жооп иретинде соккуларды урду.
«Аль-Арабия» жазгандай, чек арада «оор кагылышуулар» жүрүп жатат. Ал эми Tolo News агенттиги Афганистандын Гильменд, Хост жана Нангархар провинцияларында аба соккулары болгонун кабарлады.
Кагылышуулар Дюранд сызыгынын бардык узундугу боюнча уланып жатат — бул чек ара 1893-жылы белгиленген, бирок анын мыйзамдуулугун Кабул ушул кезге чейин тааныбай келет.
Пакистандык Daily Pakistan басылмасынын маалыматына караганда, афган күчтөрү Дюранд сызыгынын беш-алты бөлүгүндө себепсиз ок чыгарган.
Мунун алдында Афганистандын «Талибан» өкмөтүнүн коргоо министрлиги Пакистанга каршы «жооп иретиндеги чабуулдардын» башталганын жарыялаган. Министрликтин маалыматы боюнча, Афганистандын аба мейкиндигин бузган жана учкучсуз аппараттарды учурган пакистандык объекттерге сокку урулган.
Кийинчерээк «Талибан» Пакистанга каршы операциянын ийгиликтүү аяктаганын жарыялады.
Пакистандын коргоо министри Ходжа Асиф учурдагы кырдаал эки өлкө ортосундагы чыңалууну мындан ары да күчөтүшү мүмкүн экенин эскертти. Ал эми «Талибан» өкүлдөрү операция «чек арадагы бузуулар толук токтотулмайынча уланат» деп билдиришти.
10-октябрда Афганистандын талиб өкмөтү Пакистанды өз аймагына аба соккуларын жасады деп айыптап, мындай аракеттердин «натыйжалары болот» деп эскертти. Ошол эле күнү Тирах районунда, Афган чек арасына жакын жерде болгон салгылашууда 11 пакистандык аскер каза тапкан.
Акыркы айларда Исламабад менен Кабулдун мамилеси кескин начарлап, Пакистан талибдерди «Техрик-и-Талибан Пакистан» (ТТП) уюмунун жоочуларын өз аймагында жашырып жатат деп күнөөлөгөн. Алардын айтымында, бул уюмдун мүчөлөрү Афганистандын аймагынан эркин аракеттенүүдө. Талибдер болсо мындай айыптоолорду четке кагып, Пакистанды коопсуздук көйгөйлөрүн өз ичинде чечүүгө чакырышкан.
2021-жылы АКШ өз аскерлерин чыгаргандан кийин, Афганистанда «Талибан» кайра бийликке келген. Бул кыймыл 2024-жылдын апрелине чейин Россиянын террордук уюмдар тизмесинде болгон. 10-октябрда президент Владимир Путин Афган бийлиги өлкөдөгү кырдаалды тұруктуу абалга келтирүү боюнча чара көрүп жатканын, бирок маселелер дагы эле көп экенин билдирген.
Акыркы жолу Афганистандын Гильменд провинциясындагы чек ара аймагында пакистандык аскерлер менен талибдердин кагылышуусу 2025-жылдын май айында болгон.

















