Министрлер Кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров Бишкек ЖЭБиндеги аварияга байланыштуу Казакстанга жасаган иш сапарын үзгүлтүккө учуратып, Алмата шаарынан бүгүн шашылыш Бишкекке учуп келди. Бул тууралуу МинКабдын маалымат кызматы билдирди.
“Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Алматы шаарына (Казакстан Республикасы) жумушчу сапарын үзгүлтүккө учуратып, борбор калаанын жылуулук электр борборундагы авариялык кырдаалга байланыштуу Бишкек шаарына учуп кетти.
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйынына жана “Digital Almaty 2024: Industry X” эл аралык санарип форумуна катышат”,- деп айтылат МинКабдын билдирүүсүндө.
Эске сала кетүүчү жагдай, бүгүн, 2-февралда түнкү саат 03:00 чамасында Бишкек ЖЭБинде авария болуп, алгач 3 кызматкер, андан кийин 5 кызматкер жабыр тарткандыгы кабарланган. Азырынча кырсыктын себеби айтыла элек.




















