Жумуш сапарынын алкагында МинКаб Төрагасы СУАРдын жетекчилиги менен бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт, анда эки тарапты кызыктырган бардык тармактар боюнча маселелер талкууланат.
Ошондой эле, МинКаб Төрагасы “Кытай-Евразия: товарлар жана соода 2023” ЭКСПОнун ачылышына катышат жана ЭКСПОго мүчө өлкөлөрдүн павильондору, анын ичинде Кыргыз Республикасына тиешелүү дагы жай бар.
Мындан тышкары, МинКаб Төрагасы Кытайдын алдыңкы корпорацияларынын жетекчилери менен жолугат, Үрүмчү шаарынын эркин экономикалык аймагына барат, кытайлык ишкерлер менен жолугат жана кыргыз-кытай бизнес форумуна катышат.
Белгилей кетсек, жумуш сапар Кытай Коммунисттик партиясынын Борбордук Комитетинин Саясий бюросунун мүчөсү, Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автономиялуу районунун Партиялык комитетинин Катчысы Ма Синжуйдун чакыруусу боюнча уюштурулду, ал ушул жылдын март айында Кыргыз Республикасында болгон.