Eurasiatoday
Шаршемби, 25-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

А. Жапаров германиялык ишкерлерди Кыргызстанга чакырды

  • Экономика
  • 11.10.2024 09:48

Loading

МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров: Биз инвесторлор үчүн өз ара пайдалуу кызматташууга ачык, таптакыр жаңы Кыргызстанды кургубуз келет.

Бул тууралуу Кыргызстандын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Мюнхенге (Германия Федеративдик Республикасы) болгон жумуш сапарынын алкагында кыргыз-герман бизнес-форумунда сөз сүйлөп жатып айтты.

Ал белгилегендей, акыркы бир жыл ичинде Гамбургда өткөн биринчи кыргыз-герман бизнес-форумунан бери Кыргызстан менен Германиянын мамилеси чыңдалып, кызматташууну тереңдетүүгө эки тараптын кызыкчылыгы пайда болду.

Тема боюнча

ЭВФ 2027-жылы Казакстандын экономикасынын өсүшү тездейт деп болжолдоодо

ЭВФ 2027-жылы Казакстандын экономикасынын өсүшү тездейт деп болжолдоодо

18.11.2026

“Биз эл аралык өнөктөштөр менен өз ара пайдалуу кызматташууга ачык, таптакыр жаңы Кыргызстанды курууну каалайбыз”, – деген Акылбек Жапаров герман ишкерлерин Кыргызстанга инвестиция салууну карап чыгууга жана өлкөнү өнүктүрүү боюнча амбициялуу пландарды ишке ашырууга катышууга чакырды.

МинКаб Төрагасы ошондой эле кыргыз-герман кызматташтыгын өнүктүрүүнүн оң динамикасын белгилеп, Кыргызстанда коомдук турмуштун дээрлик бардык чөйрөлөрүн, анын ичинде экономиканы камтыган терең реформалар жүргүзүлүп жатканын белгиледи.

https://kg.eurasiatoday.ru/wp-content/uploads/2024/10/audio_kg-36.mp3

Андан ары ал Министрлер Кабинетинин ишинин төрт принцибине токтолду:

• Жоопкерчилик принциби: жүргүзүлүп жаткан мамлекеттик саясат жана элдин тагдыры үчүн жоопкерчиликти өз мойнуна алууга чечкиндүүлүк реформалардын башталышы болуп калды.

• Командада иштөө принциби: Өкмөттүн ийгилигин жакшы координацияланган командалык ишсиз элестетүү кыйын.

• Натыйжалуулуктун жана чыгармачылыктын принциби: Эгерде эффективдүүлүк мыйзам ченемдүү болсо, анда чыгармачылык – азыркы эле мезгилдин өзү.

• Мамлекеттик прагматизм принциби: Алгач элдин жана өлкөнүн улуттук кызыкчылыктары биринчи планга коюлат, ал үч бөлүктөн турат – аймактын бөлүнбөстүгү, элдин биримдиги жана салык төлөө.

Акылбек Жапаров Кыргызстанда өнөр жайды жандандыруу жана жаңы өндүрүштөрдү түзүү үчүн квалификациялуу кадрлар керек экенине токтолуп, өлкөдө заманбап экономикада талап кылынган багыттар боюнча адистерди даярдоо үчүн бардык аракеттер көрүлүп жатканын кошумчалады.

МинКаб Төрагасы Кыргызстанда экономиканын түрдүү тармактарында – соода, өнөр жай, айыл чарба, туризм, энергетика, билим берүү жана тейлөө тармактарында 180ден ашык биргелешкен кыргыз-герман ишканалары иштеп жатканын эске салды.

Акылбек Жапаров өлкөнүн экономикасын көтөрүү жана ири инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн инвестиция керек экенин белгиледи.

1 of 10
- +

1.

2.

3.

4.

5.

6.

7.

8.

9.

10.

“Биздин Президент бир нече жыл мурда инвесторлорго таптакыр жаңы мамилени түзүүнү жарыялаган. Биз талаштуу жагдайларда, биринчи кезекте, тескерисинче, далилденгенге чейин “Инвестор ар дайым туура” деген түшүнүктү карманабыз”, – деп белгиледи МинКаб Төрагасы.

Ал ошондой эле жаңы инвестициялык саясатты колдоо максатында инвесторлордун ишенимин жогорулатууга, жагымдуу инвестициялык климатты жана бизнес чөйрөсүн түзүүгө, анын ичинде менчикти коргоого багытталган ченемдик-укуктук актылардын комплекси кабыл алынганын кошумчалады.

“Инвесторлор өлкө жетекчилигине жана Министрлер Кабинетине 24 саат бою күнү-түнү эркин кирип чыга алат”, – деди Акылбек Жапаров.

Сөзүнүн аягында Акылбек Жапаров германиялык ишкерлерди Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды.

“2025-жылдын жайында “Кыргызстанда Германиянын экономика күнүн” өлкөбүздө өткөрүүнү пландап жатабыз. Баарыңыздарды меймандос кыргыз жеринде көргөнүбүзгө кубанычта болобуз. Бул иш-чаранын – “Гамбургдагы, Франкфурт-на-Майнедеги жана Мюнхендеги Кыргызстандын экономика күндөрүнүн” позитивдүү жыйынтыгын чыгаруунун бир түрү болот, бири-бири менен дагы да кызматташуу үчүн жакын болууга жана келечекке коюлган пландарды жеринде сүйлөшүүгө эң сонун мүмкүнчүлүк түзүлөт”, – деди Акылбек Жапаров.

Ошондой эле бул маанилүү иш-чараны уюштурган өнөктөштөргө өзгөчө ыраазычылык билдирди.

“Биздин кыялыбыз – Кыргызстанды туруктуу өнүгүүнүн жана гүлдөп-өнүгүүнүн жолуна алып баруу. Биз бул кыялыбызга жеткенде, эгемендүүлүк алган жылдан бери, оор жана жооптуу учурларда колдоо көрсөтүп келе жаткан герман эли дайым жакын болуп келгендигин сыймыктануу менен айтабыз деп ишенем”, – деп сөзүн жыйынтыктады Акылбек Жапаров.

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: Германияинвестициякыргыз-герман кызматташтыгыэкономика
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

Евразиянын түштүк дарбазасы: Борбор Азия Оман аркылуу Перс булуңуна транзиттик жолду кантип ачып жатат?

Евразиянын түштүк дарбазасы: Борбор Азия Оман аркылуу Перс булуңуна транзиттик жолду кантип ачып жатат?

19.11.2026
ЭВФ 2027-жылы Казакстандын экономикасынын өсүшү тездейт деп болжолдоодо

ЭВФ 2027-жылы Казакстандын экономикасынын өсүшү тездейт деп болжолдоодо

18.11.2026
Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

28.10.2026
Германия Иран менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү сунуштады

Германия Иран менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү сунуштады

24.10.2026
Иран менен Пакистандын чек арасында банктык жана бажылык чектөөлөрдөн улам жүк ташуу токтотулду

Иран менен Пакистандын чек арасында банктык жана бажылык чектөөлөрдөн улам жүк ташуу токтотулду

24.10.2026
Кыргызстан менен Иран инновациялар жана жогорку технологиялар чөйрөсүндөгү кызматташтыкты кеңейтүүнү талкуулады

Кыргызстан менен Иран инновациялар жана жогорку технологиялар чөйрөсүндөгү кызматташтыкты кеңейтүүнү талкуулады

22.10.2026
Иранда өтүүчү мал чарбачылыгы жана канаттууларды өстүрүү боюнча көргөзмөгө 16 өлкө катышат

Иранда өтүүчү мал чарбачылыгы жана канаттууларды өстүрүү боюнча көргөзмөгө 16 өлкө катышат

15.10.2026
А. Касымалиев кытайлык «Geely Auto Group» компаниясы менен биргелешкен ишкана ачууну сүйлөштү

А. Касымалиев кытайлык «Geely Auto Group» компаниясы менен биргелешкен ишкана ачууну сүйлөштү

24.09.2026
Казакстан дүйнөдөгү атаандаштыкка жөндөмдүү экономикалар рейтингинде 38-орунду ээледи

Казакстан дүйнөдөгү атаандаштыкка жөндөмдүү экономикалар рейтингинде 38-орунду ээледи

15.09.2026

Биздин Facebook

Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Газадагы кышкы гуманитардык кризис: суу каптаган чатырлар жана өлүм коркунучундагы балдар

Газадагы кышкы гуманитардык кризис: суу каптаган чатырлар жана өлүм коркунучундагы балдар

24.11.2026
Иран парламенти Ядролук куралды жайылтпоо жөнүндө келишиминен чыгуу боюнча мыйзамды чукул арада кабыл алууга даяр

Иран парламенти Ядролук куралды жайылтпоо жөнүндө келишиминен чыгуу боюнча мыйзамды чукул арада кабыл алууга даяр

23.11.2026
Иран АКШнын аракеттеринен улам коргонуу доктринасын кайра карап чыгышы мүмкүн

Иран АКШнын аракеттеринен улам коргонуу доктринасын кайра карап чыгышы мүмкүн

21.11.2026
Иран АКШнын химиялык жана биологиялык курал тууралуу дооматтарын четке какты

Иран АКШнын химиялык жана биологиялык курал тууралуу дооматтарын четке какты

20.11.2026
Сомали БАЭнин элчисин өлкөдөн чыгарып, өз элчисин Абу-Дабиден чакыртып жатат

Сомали БАЭнин элчисин өлкөдөн чыгарып, өз элчисин Абу-Дабиден чакыртып жатат

20.11.2026
Иран аймактагы өлкөлөрдү АКШнын соккулары үчүн өз аймактарын пайдаланууга бербөөгө чакырды

Иран аймактагы өлкөлөрдү АКШнын соккулары үчүн өз аймактарын пайдаланууга бербөөгө чакырды

19.11.2026

Валюталар курсу

Экономика

Иранга каршы согуштук аракеттери башталгандан бери Түркиянын алтын-валюта резервдери 51 миллиард долларга кыскарды

Иранга каршы согуштук аракеттери башталгандан бери Түркиянын алтын-валюта резервдери 51 миллиард долларга кыскарды

24.11.2026
Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

18.11.2026
ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

18.11.2026
Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

17.11.2026
Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

28.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
218 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.