Eurasiatoday
Бейшемби, 19-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

А. Медетбеков: “Борбор Азия төрт ядролук державалардын ортосунда турат“

  • Интервью, ТОП жаңылыктар
  • 02.12.2025 17:14

Loading

Өткөн жумада Бишкекте Россия, Беларусь, Казакстан, Тажикстан жана Кыргызстандын президенттеринин катышуусунда ЖККУнун кезектеги саммити өттү. Уюмга мүчө мамлекеттердин башчылары эл аралык жана аймактык коопсуздук маселесин кенен талкуулап, жыл ичиндеги аткарылган иштердин жыйынтыгын чыгарышты. Буга чейин, ноябрь айында  АКШда Американын президенти Дональд Трамп менен Борбор Азия лидерлери “С5+1” форматында жолугушкан. Дүйнөлүк державалардын бул кадамдары Борбор Азияга болгон кызыгуусубу же геосаясий кырдаалдын өзгөрүшүбү?

Мындай суроолор менен УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары, коопсуздук маселелери боюнча эксперт, генерал-майор Артур Медетбековго кайрылып, бирикмеге кирген өлкөлөрдүн бүгүнкү кадамдары жана келечеги тууралуу пикирин сурадык.

– Артур Капарович, ЖККУга кирген өлкөлөрдүн милдеттери жана ага мүчө-өлкөлөрдүн ортосундагы мамилелерине кандай баа бердиңиз? Армения бул жолу дагы саммитке катышкан жок.
Уюмдун келечеги кандай?

Тема боюнча

Ушаков Путин менен Трамп жолугушуунун форматына карабастан толук кандуу сүйлөшүү өткөрөрүн билдирди

Ушаков Путин менен Трамп жолугушуунун форматына карабастан толук кандуу сүйлөшүү өткөрөрүн билдирди

18.11.2026

– ЖККУ 1992-жылы Советтер Союзу таркагандан кийин уюшулган. Буга Грузия, Азербайжан, Өзбекстан, Армения, Беларусь, Россия, Казакстан, Тажикстан жана Кыргызстан болуп бардыгы 9 өлкө кирген. Көп өтпөй бул уюмдан Грузия менен Азербайжан чыгып кетти. Андан кийин 1999-2000-жылдары Өзбекстан бир чыгып, кайра киргенден кийин кайра биротоло кетти.

2020-жылдын октябрь айында Армения менен Азербайжандын ортосунда Тоолуу-Карабак үчүн согуш болуп, натыйжада Армения сыртка сүрүлүп, армиясына дагы катуу сокку урулду. Баку өзүнүн дээрлик 20% аймагын кайра калыбына келтирди.

Бул окуялардын кийин Армения бийлиги, саясатчылары Россияга чейин кайрылды. Бул кайрылууда Ереван өзүнүн ЖККУга мүчөлүгүндө экендигин билдиришип, катуу талаш-тартыштар болгон. Бирок, Ереван бир нерсени түшүнгөн жок же түшүнгүсү келбеди. Анткени, Тоолуу-Карабак Арменияга карай турганы бир дагы мамлекетте таанылган эмес. Ал Азербайжандын аймагы болуп калып калган жана согуш дагы ушул жерде болгон.

Ошондуктан ЖККУ, анын ичинде Россия буга кийлигишкен жок. Бирок ар кандай саясий талаш-тартыштардын негизинде, айрыкча Батыш өлкөлөрүнүн, өзгөчө Америка Кошмо Штаттарынын билинип, билинбеген кийлигишүүсүнүн негизинде Армения акырындан Батышка ыктай баштады. Ошентип 2022-2023-жылдардан бери Армения көп учурда ЖККУнун саммиттерине, жыйындарына катышпай келе жатат.
Мына жакында Америка эки өлкөнү элдештирип, тынчтык келишимине алып келгенден кийин алардын Россияга болгон көз карашы өзгөрдү. Натыйжада Армения ЖККУга катышпай калды.

Уюмдун келечеги албетте, дүйнөдө регионалдык, аскердик өзүнчө блок болуп эсептелет. Түзүлгөндө дагы бирикмеге мүчө-мамлекеттер тышкы агрессиядан, коркунчтарга каршы күрөшүү, туруштук берүү максатында түзүлгөн. Айрыкча акыркы 10, 15 жыл аралыгынан бери бирикменин көптөгөн тармактары боюнча келишимдерге жетишилди. Тышкы иштер министрлердин кеңеши, коопсуздук кеңеши, укук коргоо органдарынын кеңеши түзүлүп, ЫЧКЖ (Ыкчам чара көрүүнүн жамааттык күчтө) батальону түзүлдү. Буга Россия жана Казакстандан экиден, ал эми Кыргызстан,  Тажикстан жана Беларустан бирден батальон кирип, көптөгөн машыгуулар өтүп келе жатат.

Мындан тышкары коопсуздук кеңешинин башкармакчылыгы жылына алмашып турат. Быйыл Кыргызстандын кезеги келип, уюмдун коопсуздук кеңешинин башчылыгына президент Садыр Жапаров, ал эми ЖККУнун баш катчылыгына Таалатбек Масадыков дайындалды. Уюм дүйнө жүзүндө ар кандай кылмыштуу топтор жана алардын багыттарына каршы күрөшүүдө жаңы багыттар менен иштөөгө аракет жасап келет.

Алардын бири кибер коопсуздук. Бул маалымат ресурстарынын көбөйүшүнө байланыштуу бир катар мамлекеттерде кооптуулукту жаратып келе жатат. Кала берсе дүйнө жүзүндөгү ар кандай аскердик базалардын өзүнүн маалымат базасына кирип, анын ичинде ракеталарга же ар кандай куралдарды уруксатсыз атып жиберүүгө чейин колдоно турган ыкмалардын пайда болушу дагы кооптулукту жаратып жаткандыктан, өзгөчө мамилени талап кылууда.

– ЖККУнун саммитинде уюмдун жамааттык коргонуу механизмдерин бекемдөө, мүчө-мамлекеттердин өз ара аракеттенүүсүн өнүктүрүү жана аскердик-саясий чөйрөдөгү кызматташтыкка байланыштуу ондон ашык документке кол коюлду. Бул дүйнөлүк геосаясаттын татаалдашып бараткандыгынын белгиси катары түшүнсөк болобу?

– Албетте, бүгүнкү күндө дүйнөлүк геосаясат өзгөчө эки полярдуу системанын карама-каршылыктарынын күчөшүнө экономикалык санкциялардын ЖККУга мүчө Россия менен Беларуска кескин түрдө жогорулашы дагы себеп болуп жатат.

Ошондуктан мүчөлүктөгү мамлекеттердин коргонуу боюнча ар кандай жолу же ыкманын негизинде иш алып баруу боюнча ич ара сүйлөшүүлөр болуп, мунун негизинде документтерге кол коюлуп, иш жүрүгүзүлүп жатат.

Жакында талиптердин чек арачылары Тажикстандын чек арачыларына кол салып, аскер кызматындагылар каза болушкандан кийин уюмга мүчө өлкөлөрдүн көңул буруусу мурдагыдан дагы күчөдү.

Талиптердин бул аракети айрыкча террордук экстримисттик идеяларды Борбордук Азияга экспорттоосу жана Афганистандын аймагында “ИГИЛ”, “Аль-Каида”, “Өзбекстан Ислам кыймылы” сыяктуу чоң топтордун Афганистандын түндүк аймагында, Пакистан менен чектешкен жерлеринде жайгашып, ошол жактан террордук иштерди жүргузүп жатканы ЖККУга кирген мамлекеттерди абдан кооптондурат. Буга болуп жаткан ар кандай карама-каршылыктар мисал. Ошондуктан уюм аскердик деңгээлди, курал-жарактардын базасын чыңалтуу боюнча көп максаттарды алдыга коюуда. Мындан тышкары бири-бирине оперативдүү жардам берүү боюнча дагы ич ара документтерди кабыл алып жатышат.

– Буга чейин Борбор Азия лидерлери АКШда “С5+1” форматындагы мамлекет башчыларынын кезектеги жыйынына катышып, бир катар келишимдерге кол коюшкан. Ал келишимдердин ичинде Казакстандын Авраам келишимине кошулушу болду. Бул эл аралык деңгээлде эксперттердин талкуусун жаратты. Буга Сиздин көз карашыңыз кандай?

– Казакстан эгемендүү мамлекет. Анын үстүнө бул өлкөгө тышкы инвестициянын кириши жана жогорку деңгээлге чейин көтөрүлүшүнө өзгөчө Батыш өлкөлөрүнөн келген инвесторлор  шарт түзүп турат. Мындан сырткары Казакстандын саясаты акыркы убакта көп полярдуу саясаттын негизин пайда кыла баштады. Казакстан бардык өлкөлөр менен экономикалык, геоэкономикалык саясатын өздөштүрүү менен мамлекетти өстүрүп, өркүндөткөнгө бардык шартты түзүп, өзүнүн жол картасын ачып алды. Көптөгөн экономикалык долбоорлорго кол коюп, кен байлыктарын иштетүү боюнча инвесторлорду чакырышы, Батыш, Чыгыш өлкөлөрү же болбосо ШКУ, ЖККУга кирген мамлекеттер болобу бардыгы менен экономикалык негизинде ынтымактык менен өзүнүн мамлекетин өстүрүүгө болгон аракети.

Ушул эле жагдайды Өзбекстан дагы колдонуп, бул өлкө дагы чоң программалык долбоорлору  менен инвесторлорду чакырып, шарт түзүп жатат.

Ал эми Кыргызстан дагы келечекке чоң программалар боюнча кадамдарды жасай баштады. Мисалы, Улуттук банктын эл аралык стандарттарга жооп берген жана 1000 тоннага чейин алтын сактай алган өлкөдөгү эң чоң кампа жайын ала турган болсок, өзүбүздүн өлкөдөгү гана эмес, Борбор Азия өлкөлөрүнүн баарынын алтын корун сактаса болот. Мунун негизинде чет өлкөлөр менен кызматташып, база түзүп келечекте өлкөнүн экономикасына, өсүп өнүгүшүнө финансы жагынан көптөгөн жардамдарды алып келет деген үмүттөбүз.

Президент Садыр Жапаров белгилегендей, Улуттук банктын жаңы имаратынын жана заманбап алтын сактоочу жайынын салынышы Кыргызстандын каржылык эгемендүүлүгүн чыңдоодо жана анын банк инфраструктурасын өнүктүрүүдө маанилүү кадам. Мындан ары биз өзүбүздүн резервдерибизди коопсуз сактап гана тим болбостон, кардарларыбызга баалуу металлдарды сактоо кызматтарын көрсөтө алабыз. Бул биздин экономикага абдан чоң жардамын тийгизет.

Мындан тышкары, “С5+1” саммитинде Садыр Жапаров Трампты өзгөчө криптовалютага көңүлүн бурдуруп өттү. Анда криптовалюта аркылуу экономиканы өстүрүп, келечекте бул тармак мамлекеттин алдыга умтулуусуна жол ачып берет деген мааниде айтты.

Чындыгында Кыргызстан биринчи жолу өзүнүн криптовалютасын чыгарып, бардык шартты түзгөндөн кийин көптөгөн компаниялар муну колдонууга өтүшүп, өзүнун бизнесин жасай башташты. Бул көп мамлекеттерге караганда алдыга жылуу болуп эсептелинет.

 

1 of 12
- +

1.

2.

3.

4.

5.

6.

7.

8.

9.

10.

11.

12.

– Борбор Азияга Кытай, АКШ жана Россиянын көңүл бурушун дүйнөлүк державалардын таасир талашы деп болжолдоого болобу?

– Ачыгын айтканда Борбор Азия төрт ядролук державалардын ортосунда турат. Бул Россия, Кытай, Индия жана Пакистан ядролук державалары.  Булардын баарын эске ала турган болсок, Борбор Азия өлкөлөрүнүн жаратылыш кен-байлыктарына, гидроэнергетикалык ресурстарына жана алардын максималдуу түрдө жогорулашына бүт дүйнө жүзүндөгү мамлекеттер көз салып турат. Бул регионго өзгөчө Батыш өлкөлөрү геоэкономикалык саясатын жүргүзүүдө ресурсту өзүнө тартып колдонуу максаттары бар.

Батыш өлкөлөрүнүн дагы бир геосаясаты Борбор Азияга кирген 5 мамлекет, тагыраагы мурдагы Советтер Союзунун курамындагы өлкөлөрдү мүмкүн болсо бөлүп-жаруу жана келечекте өздөрүнө экономикалык жактан көз каранды кылып алганга мүмкүнчүлүк түзүү. Анткени үч өлкө ЖККУга кирсе, калган төртөө ШКУга кирет. Мунун баарын эске ала турган болсок, албетте Борбор Азия чоң державаларды кызыктырат.

Бишкекте өткөн уюмдун саммитиндеги Путиндин бир сөзүнүн фрагментин эске ала турган болсок, “Бизге кыйын болуп тарган учурда Борбор Азия өлкөлөрү колдоо көрсөтүп, экономикабызга жардамын көрсөттү. Эгер Батыш өлкөлөрү санкциядан чыкканыбыздан кийин биз менен иштешебиз десе иштейбиз. Бирок, эч убакта Борбор Азия өлкөлөрүнөн кол үзбөйбүз. Дайыма колдоо максатында жардам берип келгенбиз, мындан ары да ушул максатта иштерди жүргүзө беребиз” деди. Анын бул сөзүнүн негизинде айтарым, Россия Батыш жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрү, Борбор Азия менен дагы кызматташып, бардык мүмкүнчүлүктү пайдалана алат деген түшүнүктү пайда кылат.

– ЖККУ саммитинин алдында Россиянын президенти В. Путин Бишкекке мамлекеттик сапар менен келип, мамлекет башчыбыз С. Жапаров менен жолугушууда бир катар документтерге кол коюлду. Анда Кыргызстан үчүн кандай маселелер чечилди?

– Россиянын президенти Владимир Владимирович Путиндин Кыргызстанга мамлекеттик визит менен бул жолку келишинде өзү менен бирге министрлерин, бизнесмендерди ала келди. Бул албетте, көп пикирлерди, мүмкүнчүлүктөрдү жаратат. Россия Федерациясынын мамлекет жетекчилеринин Кыргызстанга болгон ишеничи жана колдоосу болуп эсептелинет. Бул жерде Путиндин айтуусуна көңүл бура турган болсок, ал келечекте Кыргызстанга атомдук электр станциясын (АЭС) курууга жардам берели деген пикирин билдирди. Демек, алар Кыргызстанда жыл сайын электроэнергиясы боюнча көптөгөн талаш-тартыш, социалдык тармактардагы карама-каршы пикирлердин чыгышы өлкөнүн стабилдүүлүгүнө, коопсуздугуна шек келтирген учурлардын пайда боло баштагандыгын көрүп, билип турушат. Ошондуктан Кыргызстан даяр болсо келечекте атомдук электростанция куруп берүүгө даярбыз деген оюн билдирди.

Мындан тышкары миграциялык маселеде Россиянын мыйзамдарын кайра карап, жеңилдетүү процесстери карала турган болду. Ошол эле маалда күйүүчү май жана газ боюнча маселеде да чечилди. Аскердик техникалык, курал-жарак, коргонуу жагынан ачык айтылбаган менен үстүрттөн бул иштерди дагы колго аларын айтып өттү. Бул дагы биздин мамлекет үчүн чоң мүмкүнчүлүк.

Путиндин  сөзүндө Садыр Жапаровду өзүнө дос жана стратегиялык ишеничтүү өнөктөш экендигин баса белгилеп, моралдык жактан колдоо көргөздү. Ал буга чейин президенттердин көбүнө ачык түрдө мындай пикирин айткан эмес. Анын бул сөзү Кыргызстандын эли, жерине стабилдүүлүк болсун деген негизде айтылган сөз. Албетте, бул алдыда боло турган президенттик шайлоону утурлай колдоо же болбосо өлкөнүн стабилдүүлүгүнө туура эмес багыт жасаган топтордун көз карашынын өзгөрүшүнө алып келиши мүмкүн.

Дагы бир көңүл бура турчу маселе, Владимир Путиндин келишинин алдында Россия менен Кыргызстандын бириккен жаңы форматтагы “NOMAD ТВ” телеканалынын ачылышы болду. Бул абдан чоң долбоор болуп эсептелет. Албетте, буга кыргызча дагы программалар киргизилсе керек. Негизинен бул масаалык маалымат талаасында таасирдүү жаңы ресурс болуп саналып калышы мүмкүн. Менин пикиримде бул тармак таасирдүү делген иштерге өзүнүн пайдасын тийгизет.

Маектешкен Турдайым Кожомбердиева

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: Борбор АзияЖККУкоопсуздукПутинС. Жапаров
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

Путин менен Си Цзиньпин Кытайдагы жолугушууда жаңы дүйнөлүк тартип тууралуу билдирүү жасашты

Путин менен Си Цзиньпин Кытайдагы жолугушууда жаңы дүйнөлүк тартип тууралуу билдирүү жасашты

18.11.2026
Ушаков Путин менен Трамп жолугушуунун форматына карабастан толук кандуу сүйлөшүү өткөрөрүн билдирди

Ушаков Путин менен Трамп жолугушуунун форматына карабастан толук кандуу сүйлөшүү өткөрөрүн билдирди

18.11.2026
ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

18.11.2026
В. Путин АТЭС саммитине катышуу үчүн Шэньчжэнь шаарына келди

В. Путин АТЭС саммитине катышуу үчүн Шэньчжэнь шаарына келди

18.11.2026
АКШнын союздаштары Трамптын Си Цзиньпин жана Путин менен боло турган саммитине тынчсызданууда

АКШнын союздаштары Трамптын Си Цзиньпин жана Путин менен боло турган саммитине тынчсызданууда

17.11.2026
Кытай, Иран жана Борбор Азиянын кургактагы мейкиндиги

Кытай, Иран жана Борбор Азиянын кургактагы мейкиндиги

17.11.2026
ЖМК: Путин, Трамп жана Си Цзиньпиндин жолугушуусу алдын ала макулдашылган күн тартибисиз өтөт

ЖМК: Путин, Трамп жана Си Цзиньпиндин жолугушуусу алдын ала макулдашылган күн тартибисиз өтөт

16.11.2026
Иордания Борбордук Азияда жаңы геосаясий оюн баштап жатабы: падышанын сапарынын артында АКШ менен Израилдин кандай кызыкчылыктары турат?

Иордания Борбордук Азияда жаңы геосаясий оюн баштап жатабы: падышанын сапарынын артында АКШ менен Израилдин кандай кызыкчылыктары турат?

14.11.2026
Резаи: Батыш Азиядагы коопсуздукка тышкы кийлигишүүгө жол берилбеши керек

Резаи: Батыш Азиядагы коопсуздукка тышкы кийлигишүүгө жол берилбеши керек

27.10.2026

Биздин Facebook


Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Путин менен Си Цзиньпин Кытайдагы жолугушууда жаңы дүйнөлүк тартип тууралуу билдирүү жасашты

Путин менен Си Цзиньпин Кытайдагы жолугушууда жаңы дүйнөлүк тартип тууралуу билдирүү жасашты

18.11.2026
Иран Бахрейндеги АКШнын радардык системасына үчүнчү жолу дрон менен сокку урду

Иран Бахрейндеги АКШнын радардык системасына үчүнчү жолу дрон менен сокку урду

18.11.2026
АКШ Иранга каршы согушта мөөнөтү өтүп кеткен ок-дарыларды колдонгонун моюндады

АКШ Иранга каршы согушта мөөнөтү өтүп кеткен ок-дарыларды колдонгонун моюндады

18.11.2026
Ирандын ТИМ башчысы Омандын султаны менен жолугушту

Ирандын ТИМ башчысы Омандын султаны менен жолугушту

17.11.2026
Айзенкот: Нетаньяху Израилдин премьер-министри кызматында бир мүнөт да калбашы керек

Айзенкот: Нетаньяху Израилдин премьер-министри кызматында бир мүнөт да калбашы керек

16.11.2026
Эксперт: АКШнын Иранды кургактыктан курчоо аракети ишке ашпай турган план

Эксперт: АКШнын Иранды кургактыктан курчоо аракети ишке ашпай турган план

13.11.2026

Валюталар курсу

Экономика

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

18.11.2026
ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

18.11.2026
Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

17.11.2026
Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

28.10.2026
Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

27.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
216 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.

No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.