Нааразылык акциялары учурунда 600дөн ашык полиция кызматкери, жандарм жана өрт өчүрүүчү жабыркады. Парижде акциянын катышуучуларынын бири каза болду.
Франциянын бийлигинин маалыматына караганда, өлкөдө бир күн мурун өткөн «сары жилетчендер» кыймылынын демонстрацияларында 2 миңден ашык адам кармалган.
Франциянын ички иштер министри Лоран Нуньес америкалык компанияга таандык X социалдык тармагындагы билдирүүсүндө нааразылык акцияларына комментарий берди.
«Нааразылык акцияларын өткөрүү — негизги укуктардын бири. Бирок зордук-зомбулук жана уюшкан аракеттер аркылуу башаламандык жаратууга болбойт», — деп жазды Нуньес.
Анын айтымында, укук коргоо органдарынын кызматкерлерине жана мамлекеттик мекемелерге кол салууну, коомдук имараттарды бүлдүрүүнү, префектуралардын жана мэриялардын имараттарына мыйзамсыз кирүүнү, ошондой эле дүкөндөрдү талап-тоноону эч нерсе актап бере албайт.
Министр демонстрациялар учурунда, анын ичинде кечке чейин оор шарттарда кызмат өтөгөн полиция кызматкерлерине, жандармдарга жана өрт өчүрүүчүлөргө колдоо көрсөттү.
Нуньестин билдиришинче, түшкү саат 12ден тартып мамлекеттик мекемелерге кол салууну жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери менен кагылышууну көздөгөн ультра солчул күчтөрдүн миңдеген өкүлдөрү зомбулук аракеттерине катышкан. Кийинчерээк аларга Париж, Марсель, Лион, Бордо, Ренн, Страсбург, Гренобль, Ницца жана Лимож сыяктуу шаарларда дүкөндөрдү талап-тоногон адамдар кошулган.
Министрдин маалыматына ылайык, нааразылык акцияларына байланыштуу учурда 2 миңден ашык адам кармалган. Башаламандыкка катышкандарды аныктоо жана аларды жоопкерчиликке тартуу боюнча тергөө иштери жүргүзүлүүдө.
Нуньес демонстрациялар учурундагы зомбулуктун кесепетинен 600дөн ашык полиция кызматкери, жандарм жана өрт өчүрүүчү жабыркаганын билдирди. Ал бул көрсөткүч акыркы эмес экенин баса белгиледи.
Министр ошондой эле көптөгөн дүкөндөргө олуттуу зыян келтирилгенин белгиледи.
«Республика башаламандыкты жана зомбулукту таңуулоого аракет кылгандарга эч кандай жеңилдик бербейт», — деп билдирди ал.
Парижде акциянын катышуучусу каза болду
Полициядагы булактардын маалыматына караганда, Париждеги демонстрация учурунда акциянын катышуучуларынын биринин абалы начарлап, аны биринчи медициналык жардам көрсөтүү пунктуна жеткиришкен. Ал мекеменин кире беришинде каза болгон.
Париж полиция башкармалыгынын билдирүүсүнө ылайык, өлүмгө жүрөктүн согушу жана дем алуу токтоп калганы себеп болгон.
Бир күн мурун студенттер да колдогон «сары жилетчендер» жашоо наркынын жогорулашына жана күйүүчү майдын кымбатташына каршы Франциянын бардык аймактарында демонстрация өткөрүшкөн.
Парижде жана башка көптөгөн шаарларда полиция менен демонстранттардын ортосундагы чыңалуу күчөп, кагылышуулар жана зомбулук аракеттери орун алган.
Нааразылык акциялары учурунда көптөгөн дүкөндөр, анын ичинде кымбат баалуу бренддердин бутиктери талап-тонолгон. Лимож шаарында мэриянын тарыхый имараты өрттөлгөн.



















