Иран бийлиги Ооганстанга Чабахар портунун эркин экономикалык аймагынан болжол менен 110 гектар жер бөлүп берүүнү чечти. Бул Кабулга деңизге чыгуу мүмкүнчүлүгүн камсыздайт.
Иран парламентинин өндүрүштү колдоо боюнча атайын комиссиясынын төрагасы Мохсен Зангане Ооганстанга Чабахар эркин экономикалык аймагынан жер бөлүп берүү ниети тууралуу билдирди. Мындай чечим өлкөгө деңизге чыгуу мүмкүнчүлүгүн берет. Бул тууралуу РИА Новости Ооганстандын AVA-Press маалымат порталына шилтеме берүү менен кабарлады.
«Занганенин билдиришинче, Ооганстандын өнөр жай жана соода министри менен жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында ооган тарапка Чабахар деңиз портунун жээгинен болжол менен 10 гектар жер жана инвестициялык максаттар үчүн порттун атайын экономикалык аймагынын чегинен биринчи этапта 100 гектардан ашык жер бөлүп берүү чечими кабыл алынган», — деп айтылат маалыматта.
Ооганстан бул аймактарга инвестиция салып, товарларды транзиттөө үчүн зарыл болгон инфраструктураны түзө алат.
Ооган тарап башында мындан чоңураак жер тилкесин сураган. Бирок учурдагы чектөөлөргө байланыштуу азырынча жалпы 110 гектар жер бөлүп берүү боюнча макулдашууга жетишилди. Бөлүнүүчү жердин аянтын көбөйтүү боюнча иштер улантылууда.

















