Eurasiatoday
Шаршемби, 25-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

Балык темасынан башталган дебат: түз эфир айыл чарба тармагындагы көйгөйлөрдү чече алдыбы?

  • Эксперттин пикири
  • 09.10.2026 16:13

Loading

Кыргызстандагы акыркы коомдук-саясий жана экономикалык талкуулардын чордонунда турган балык чарбасы жана ага байланыштуу чектөөлөр 7-октябрда УТРКнын түз эфириндеги дебаттын деңгээлине чыкты. Анда Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков менен белгилүү журналист жана блогер Ыдырыс Исаковдун ортосундагы бетме-бет талкуусун коомчулук социалдык тармактар аркылуу талашып-тартышып аягына чыга элек.

Бул түз эфирдин башкы максаты – өлкөдөгү балык чарба тармагын туңгуюкка кептеген импорттук балык тоюттарына чектөө коюу саясатын талдоо болгон. Анткени өкмөттүн импорттук балык жемдерине 6 айлык убактылуу тыюу салуу токтому фермерлердин нааразычылыгын жараткандыктан, ишкерлер жана коомчулук бул талкуудан ата мекендик өндүрүштүн сапаты импортту алмаштырууга даярбы жана балыктардын массалык өлүмүнө реалдуу түрдө эмне себеп болууда деген суроолордун тегерегинде жооп күткөн.

Тема боюнча

Манас шаарындагы касапканаларда шарият талаптары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Манас шаарындагы касапканаларда шарият талаптары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

13.07.2026

Бирок теледебат  жүрүшүндө бул маселе экинчи планга жылып, айыл чарбачылыгындагы жалпы тема жөнүндө сөз кызып, тараптар маселенин тереңин талдап, чечим сунуштагандын ордуна, бири-бирин маалыматты бурмалоого айыптап, эмоцияга алдырышты. Министр Э. Акунбеков Ы. Исаковдун жана фермерлердин нааразычылыгына каршы өз аргументтерин келтирип, мамлекет өзүнүн ички базарын жана өндүрүшүн коргоого милдеттүү экендигин баса белгилеген менен көйгөйдүн түйүнү чечилген жок. Ал эми фермерлер нааразы бойдон калып, талкуу социалдык тармактар аркылуу дагы деле уланууда.

Ошентип,  түз эфирдеги дебат маселени толугу менен чечпесе да, айыл чарбасындагы көйгөйлүү маселелерди коомчулукка ачыкка чыгарып, мамлекеттик башкаруу менен жарандык коомдун диалогуна маанилүү аянтча болуп берди.

Ким эмне дейт?

Манас Саматов, багбанчылык боюнча эксперт:

“Эки тарап биргеликте агрардык сектордо түзүлгөн терс кырдаалдын, ачуу чындыктын бетин ачып беришти”

– Дебатка чыккан демилгечи жигиттердин экөөнө тең алкыш. Министр Эрлист Акунбеков жана блогер Ыдырыс Исаков экөөсү тең биргеликте агрардык сектордо түзүлгөн терс кырдаалдын, ачуу чындыктын бетин ачып беришти. Бирок биз, комментарий жазган азаматтар, калыстык менен пикир калтырууга жарабадык жана эки тарап болуп акыйнек айтышкандан өйдө көтөрүлө албадык.

УТРК жетекчилерине сунуш – айыл өндүрүшүнүн көйгөйлөрүн терең түшүнгөн, кесипкөй, тажрыйбалуу практик кишилердин катышуусу менен тегерек үстөл сыяктуу форматтагы регулярдуу көрсөтүүнү уюштурса элге пайдалуу болоору анык.

Министр ошондой форматтагы көрсөтүүлөргө келсе жарашат эле. Бүгүнкүдөй формат болбойт экен. Тирешүү менен иш алга жылбайт. Бирок өткөн дебат министрликтин кучагында бир нече коррупциялык пакеттер көп жылдардан бери жашап келе жаткандыгын министрдин өз оозунан айттырып ачыкка чыгарды.

Айыл чарба тармагын башкаруу системасынын өзүн реформа кылыш зарылдыгы даана көрүнүп, өтө актуалдуу маселе экендиги да ортого чыкты.

Абдырахман Абдувасы, фермер:

“Дебатта жалпы фермерлердин көйгөйлөрү тууралуу сөз болгондо алда канча натыйжалуу болмок”

– Айыл чарба тармагындагы маселелер абдан көп кырдуу. Ошондуктан өткөн дебатта бир гана балык эмес, жалпы фермерлердин көйгөйлөрү тууралуу сөз болгондо, алда канча натыйжалуу болмок. Бүгүнкү күндө ата мекендик өндүрүштү бутуна тургузуу үчүн мамлекет тез арада төмөнкү 6 маселени чечиши зарыл:

1. Фермерлерге фазенда курууга уруксат берүү: Дүйнөлүк практикада фермерлер өзүнүн чарбасында жашап жана иштешет. Бизде болсо чарбасында адамдарды расмий каттоо мүмкүн эмес. Жаңы чарба курууга бош жер жок, ал эми сатып алайын десең баасы асман чапчыйт. Эгер мамлекет 5 гектардан ашык жери бар фермерлерге өз аймагынын бир бөлүгүнө үй же чарбалык курулуш жүргүзүүгө уруксат берсе, маселе чечилмек. Мал, тоок же бакты айыл ичинде, эл арасында көбөйтүү мүмкүн эмес – бул санитардык эрежелерге туура келбейт жана кошуналар ортосунда нааразычылыктарды жаратат.

2. Жер берүүдөгү бюрократияны жоюу: Бош жаткан аймактарды, жайлоолорду же мамлекеттик фонддун (ФПС) жерлерин өкмөт фермерлерге фазенда үчүн бере албайт. Берген күндө дагы анын расмий документтерин бүтүрүү абдан татаал жана узак убакытты талап кылган убаракерчиликке айланат.

3. Баа саясатына мыйзамсыз кийлигишүүнү токтотуу: Өкмөттүн фермердин өз мээнети менен өндүргөн продукциясын “сатпа” же “мынчадан сат” деп чектөөгө акысы жок. Эттин баасын жасалма түрдө аныктап, базар мыйзамдарына каршы туруу – бул мыйзамсыз көрүнүш.

4. Эт сатуу маданиятын реформалоо: Базарларда этти кардарлардын көзүнчө, ачык чаап жана бузуп сатуу тартибине өтүү керек. Өлкөнүн түштүк аймактарындагыдай. Ошондо кардар кайсы малдын этин алып жатканын ачык билет жана сатуучулар тарабынан башка этти аралаштырып же кошуп коюу тобокелдиги жоюлат.

5. Айыл чарба жерлерин күрөөгө коюу мүмкүнчүлүгү: Өнүккөн өлкөлөрдө фермерлер өздөрүнүн үлүш жерлерин банкка күрөөгө коюу менен оңой эле насыя ала алышат. Биздин өлкөдө болсо банктар фермерлердин жерин күрөөгө албайт, бул ишкерликтин өнүгүшүнө чоң бут тосуу болууда.

6. Мамлекеттик түз колдоо (дотация) берүү: Эң негизгиси убакыт келди, мамлекет айыл чарба тармагын сактап калуу үчүн фермерлерге түз каржылык жардам (дотация) жана жеңилдиктерди бериши керек. Мамлекеттин колдоосусуз фермерлер өз алдынча бутуна тура албайт.

Абдулла Ташиев, багбанчылык боюнча эксперт:

“Айыл чарбасына бүгүн инвестиция салсак, анын үзүрүн бүтүндөй өлкө көрөт”

– Кыргызстандагы айыл чарбасын, анын ичиндеги тармактарды өнүктүрүү үчүн чоң инвестиция керек. Биздин өлкөдө айыл чарба көйгөйлөрүн каржылык колдоосуз чечүү өтө кыйын. Дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө дыйкандар жана тармактык фермерлер кыйынчылыктарга туш болуп келишет. Бирок айыл чарбасын өнүктүрүү үчүн мамлекет олуттуу каражат бөлүп, узак мөөнөтүү инвестиция салышы керек. Бүгүнкү күндө биздин айыл чарбасында, анын ичинде дыйкандарда дагы көйгөйлөр абдан көп.

Айыл чарба техникалары жетишсиз. Сугат суу жетпейт. Илимий, билим, жаңы техникалар жана адистер жетишсиз. Сапаттуу көчөттөрдү жана заманбап технологияларды колдонуу мүмкүнчүлүгү чектелүү. Дыйкандардын жеңилдетилген каржылоого жетиши кыйын. Бул көйгөйлөрдүн баарын чечүү үчүн айыл чарбасына чон көлөмдө каражат багыттоо зарыл.

Мындан тышкары, сугат системаларын жаңылоо, техника менен камсыз кылуу, илимди өнүктүрүү, заманбап технологияларды киргизүү жана дыйкандарга жеткиликтүү насыя берүү керек. Айыл чарбасына салынган каражат – бул жөн гана чыгым эмес, өлкөнүн келечегине салынган инвестиция. Эгер бүгүн айыл чарбасына жетиштүү каражат жумшап, системалуу иштерди баштасак, эртең түшүмдүүлүк жогорулап, жаңы жумуш орундары  тузүлөт. Муну менен катар айыл элинин кирешеси өсөт. Импортко көз карандылык азайып, Кыргызстандын өзүнүн азык-түлүк коопсуздугун бекемдей алат.

Дыйканды колдобой туруп, айыл чарбасын өнүктүрүү мүмкүн эмес. Айыл чарбасына бүгүн инвестиция салсак, анын үзүрүн бүтүндөй өлкө көрөт.

Илгиз Шаменов, ишкер:

“Дебат максатына жетти”

– Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков менен блогер Ыдырыс Исаковдун ачык дебаты максатына жетти.

Мирбек Айдаралиев, активист:

“Балык темасынан башталган дебат максатына жеткен жок”

-Дебатта балык темасы максатына жеткен жок. Себеби баары балык темасынан башталган. Бул тармакты чоң мафия деп угуп келем. Эми жем ташыган мафия министрди туш тараптан талап аткандай таасир калтырууда. Эфирге Илгиз Шаменовду кошо чакырыш керек болчу. Ал Кыргызстанда биринчи жолу балыктын жемин чыгарган завод ачкан. Анын “Тянь-Шань форел” заводунун ачылышына президент өзү катышкан. Бүгүн болсо министр мырза кызмат этикасын сактап, көп нерсени ачык айта алган жок. Балык жемине байланышкан жана коомчулук билбеген чындыктын баарын Илгиз Шаменов айтып бермек.

Даярдаган Турдайым Кожомбердиева

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: адал азык-түлүкайыл чарбаАйыл чарба министрлигибалык жеми
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

Таластын органикалык азыктары эми дүйнөлүк рынокто сатылат

Таластын органикалык азыктары эми дүйнөлүк рынокто сатылат

12.10.2026
Манас шаарындагы касапканаларда шарият талаптары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Манас шаарындагы касапканаларда шарият талаптары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

13.07.2026
М. Саматов: “Өндүрүштү өздөштүрүү доорунда жашап жатабыз”

М. Саматов: “Өндүрүштү өздөштүрүү доорунда жашап жатабыз”

09.07.2026
Иран ядролук технологиянын жардамы менен күрүчтүн түшүмдүүлүгүн көбөйтүүгө жетишти

Иран ядролук технологиянын жардамы менен күрүчтүн түшүмдүүлүгүн көбөйтүүгө жетишти

11.06.2026
Эмнеге эттин баасы кымбаттап, айыл чарбасы өнүкпөй жатат?

Эмнеге эттин баасы кымбаттап, айыл чарбасы өнүкпөй жатат?

17.03.2026
“Тянь-Шань форель” заводу атамекендик сапаттуу жана адал балык жемин өндүрөт

“Тянь-Шань форель” заводу атамекендик сапаттуу жана адал балык жемин өндүрөт

05.03.2026
Кыргызстанда балыктар үчүн жем өндүргөн ишкана курулат

Кыргызстанда балыктар үчүн жем өндүргөн ишкана курулат

29.12.2025
Иран менен Беларусь айыл, токой чарба жана ветеринардык кызматтар чөйрөсүндөгү кызматташтыкты кеңейтүүдө

Иран менен Беларусь айыл, токой чарба жана ветеринардык кызматтар чөйрөсүндөгү кызматташтыкты кеңейтүүдө

11.12.2025
 Иран региондук азык-түлүк борборуна айланууну көздөйт

 Иран региондук азык-түлүк борборуна айланууну көздөйт

27.11.2025

Биздин Facebook

Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Газадагы кышкы гуманитардык кризис: суу каптаган чатырлар жана өлүм коркунучундагы балдар

Газадагы кышкы гуманитардык кризис: суу каптаган чатырлар жана өлүм коркунучундагы балдар

24.11.2026
Иран парламенти Ядролук куралды жайылтпоо жөнүндө келишиминен чыгуу боюнча мыйзамды чукул арада кабыл алууга даяр

Иран парламенти Ядролук куралды жайылтпоо жөнүндө келишиминен чыгуу боюнча мыйзамды чукул арада кабыл алууга даяр

23.11.2026
Иран АКШнын аракеттеринен улам коргонуу доктринасын кайра карап чыгышы мүмкүн

Иран АКШнын аракеттеринен улам коргонуу доктринасын кайра карап чыгышы мүмкүн

21.11.2026
Иран АКШнын химиялык жана биологиялык курал тууралуу дооматтарын четке какты

Иран АКШнын химиялык жана биологиялык курал тууралуу дооматтарын четке какты

20.11.2026
Сомали БАЭнин элчисин өлкөдөн чыгарып, өз элчисин Абу-Дабиден чакыртып жатат

Сомали БАЭнин элчисин өлкөдөн чыгарып, өз элчисин Абу-Дабиден чакыртып жатат

20.11.2026
Иран аймактагы өлкөлөрдү АКШнын соккулары үчүн өз аймактарын пайдаланууга бербөөгө чакырды

Иран аймактагы өлкөлөрдү АКШнын соккулары үчүн өз аймактарын пайдаланууга бербөөгө чакырды

19.11.2026

Валюталар курсу

Экономика

Иранга каршы согуштук аракеттери башталгандан бери Түркиянын алтын-валюта резервдери 51 миллиард долларга кыскарды

Иранга каршы согуштук аракеттери башталгандан бери Түркиянын алтын-валюта резервдери 51 миллиард долларга кыскарды

24.11.2026
Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

18.11.2026
ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

18.11.2026
Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

17.11.2026
Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

28.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
218 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.