Reuters агенттиги Ирандын IRNA маалымат агенттигине шилтеме берүү менен билдиргендей, Иран менен Россия өлкө аймагында төрт атомдук электр станциясын куруу боюнча макулдашууга жетишти.
Келишимдин жалпы наркы 25 млрд долларга чейин жетет.
Ирандын Mehr агенттиги буга чейин Россия менен Иран Иранда АЭС куруу боюнча 25 млрд долларлык келишимге кол койгонун кабарлаган.
«Ирандын Iran Hormoz компаниясы менен Россиянын “Росатом” мамлекеттик корпорациясынын ортосунда Хормозган провинциясынын Сирик шаарында үчүнчү муундагы заманбап атомдук электр станцияларынын төрт энергоблогун куруу боюнча жалпы наркы 25 млрд долларды түзгөн аткаруу келишимине кол коюлду», — деп айтылат маалыматта.
Буга чейин ушул аптада Россия менен Иран Ирандын аймагында аз кубаттуулуктагы атомдук станцияларды куруу жаатында кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюшкан.
Россиянын «Росатом» мамлекеттик корпорациясынын билдирүүсүндө документ бул стратегиялык долбоорду Иранда ишке ашырууга багытталган конкреттүү кадамдарды камтый турганы айтылган. Бирок макулдашуунун чоо-жайы ачыкталган эмес.
2025-жылдын август айында «Росатомдун» башкы директору Алексей Лихачев Иран чоң кубаттуулуктагы атомдук реакторлорго гана эмес, чакан реакторлорго да кызыкдар экенин жана бул багытта тиешелүү сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирген.
Учурда Россиянын Иранда ири атомдук электр станциясын куруу боюнча бир долбоору бар. Бул — «Бушер» АЭСи.
Анын кубаттуулугу 1000 МВт болгон биринчи энергоблогу 2013-жылы Иран тарапка өткөрүлүп берилген. 2016-жылы станциянын экинчи кезегинин — жалпы кубаттуулугу 2,1 миң МВт болгон II жана III энергоблоктордун курулушу башталган.
II энергоблоктун курулушун 2024-жылы, ал эми III энергоблокту 2026-жылы аяктоо пландалган.
2025-жылдын февраль айынын аягында «Росатомдун» жетекчиси Алексей Лихачев Иранда Россиянын долбоору боюнча дагы бир АЭС куруу үчүн жер тилкеси аныкталганын, бирок анын курулуш иштерин баштоого али эрте экенин билдирген.

















