Дубайдан Тель-Авивге учуп бара жаткан жана бортунда өзгөчө кырдаал жаралган Flydubai авиакомпаниясынын учагынын учкучу «террорист же психикалык жактан оорулуу адам» болушу мүмкүн.
АКШнын президенти Дональд Трамп мындай билдирүүнү жасаганын C-Span порталы маалымдады.
Ал ошондой эле бул кырдаалды Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен кеңири талкуулаганын кошумчалады.
150дөн ашык жүргүнчүсү бар учак Дубайдан Тель-Авивге багыт алган, бирок Сауд Арабиясынын батышындагы Табук шаарына чукул конууга аргасыз болгон. Учактын учкучтарынын ортосунда мушташ чыкканы тууралуу маалымат тараган. Кийинчерээк жалпыга маалымдоо каражаттары учкучтар Омандын жана Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) жарандары болгонун билдиришкен.
Учуу учурунда Омандан келген экинчи учкуч кеменин капитанын бычак менен жарадар кылып, андан соң учакты жерге багыттаган. Мындан тышкары, анын Израилге учууга уруксаты болгон эмес. Ушуга байланыштуу масштабдуу иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.
Башкаруусуз калган учакты кырсыкка учуратпай сактап калууга бортто кокусунан жүргөн Орусиянын жана Украинанын учкучтары жардам беришкен.



















