Eurasiatoday
Шейшемби, 24-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясы: дүйнө лидерлери Нью-Йоркто чогулууда

  • Америка, Дүйнө, ТОП жаңылыктар
  • 22.09.2026 11:19

Loading

Нью-Йорк шаарында БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын Жалпы дебаттарынын жогорку деңгээлдеги жумалыгынын иш-чаралары башталууда. Алдыдагы бир жуманын ичинде дүйнөнүн 130га жакын лидери БУУнун штаб-квартирасына чогулуп, Жакынкы Чыгыштагы жана Украинадагы уланып жаткан куралдуу кагылышуулар, жасалма интеллектке байланышкан талкуулар, ошондой эле БУУнун келечеги өңдүү негизги эл аралык маселелер боюнча өз өлкөлөрүнүн позицияларын билдиришет.

Жалпы дебаттар 22-26-сентябрь аралыгында өтүп, 28-сентябрда жыйынтыкталат. Анда БУУга мүчө 193 мамлекеттин, ошондой эле байкоочу макамы бар мамлекеттердин жана Европа биримдигинин өкүлдөрү кезек-кезеги менен сөз сүйлөшөт.

Башкы ассамблеянын 81-сессиясынын темасы «Ишенимди калыбына келтирүү, өзгөрүүлөрдү башкаруу: бардыгы үчүн иштеген БУУ» деп белгиленген. Сессияга Бангладештин тышкы иштер министри Халилур Рахман төрагалык кылууда.

Тема боюнча

АКШнын Өкүлдөр палатасындагы көпчүлүк орундар боюнча демократтар рекорд жасашты

АКШнын Өкүлдөр палатасындагы көпчүлүк орундар боюнча демократтар рекорд жасашты

24.11.2026

Жалпы дебаттардын башталышы

Жалпы саясий дебаттарды БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш жана Башкы ассамблеянын төрагасынын сөзү ачат. Андан соң көп жылдан бери калыптанып калган салтка ылайык, мамлекеттердин өкүлдөрүнүн ичинен биринчи болуп Бразилиянын президенти Луис Инасиу Лула да Силва сөз сүйлөйт. Анын артынан БУУнун штаб-квартирасы жайгашкан өлкөнүн — АКШнын президенти Дональд Трамп баяндама жасайт.

БУУнун катчылыгы катышуучуларга сөз сүйлөөлөрүн 15 мүнөт менен чектөөнү сунуштайт.

Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин жалпы саясий дебаттарга катышпайт. Ал Нью-Йоркко баруунун ордуна ушул аптанын соңунда Вашингтондо АКШ президенти Дональд Трамп менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөрү күтүлүүдө.

Ирандын делегациясы

БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясына Ирандын делегациясын өлкөнүн президенти Масуд Пезешкиан жетектейт.

Пезешкиан БУУнун Башкы ассамблеясында сөз сүйлөп, эл аралык маселелер боюнча Тегерандын позициясын билдирери күтүлүүдө. Анын ичинде АКШ менен Израилдин Иранга каршы баштаган согушуна байланыштуу маселелер да көтөрүлүшү мүмкүн. Иран президентинин Нью-Йоркто бир катар өлкөлөрдүн лидерлери менен жолугушуулары да пландалган.

Президент менен бирге Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи да барат.

Аракчи Башкы ассамблеянын күн тартибине кирген ар кандай талкууларга катышуудан тышкары, жыйындарга катышкан өлкөлөрдүн расмий өкүлдөрү жана тышкы иштер министрлери менен консультацияларды өткөрөт. Ирандын тышкы иштер министрлиги Аракчи кимдер менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөрү азырынча белгисиз.

Вашингтон Иран делегациясынын негизги бөлүгүнө, анын ичинде Пезешкианга жана тышкы иштер министри Аббас Аракчиге Нью-Йоркко келүүгө виза берүүгө макул болгон, бирок Пезешкиандын басма сөз тобуна виза берүүдөн баш тарткан. Ирандын делегациясынын шаар ичинде жүрүүсүнө чектөөлөр киргизилген.

Жакынкы Чыгыш жана Украина маселеси

Жогорку деңгээлдеги жумалыктын негизги темаларынын бири кайрадан Жакынкы Чыгыштагы кырдаал болот. Бирок мурунку сессияларга салыштырмалуу бул жолку талкууларда АКШ, Израиль жана Иран катышкан уланып жаткан куралдуу жаңжалга, ошондой эле анын коңшу өлкөлөргө, дүйнөлүк энергетикага жана эл аралык деңиз ташууларына тийгизген кесепеттерине көбүрөөк көңүл бурулат.

Өзгөчө Ормуз жана Баб-эль-Мандеб кысыктарындагы кырдаал тынчсызданууну жаратууда. Бул кысыктар аркылуу дүйнөлүк соода жана энергетика үчүн маанилүү болгон деңиз жолдору өтөт.

Алдын ала түзүлгөн программага ылайык, Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху 24-сентябрда сөз сүйлөйт. Ошол эле күнү БУУнун Башкы ассамблеясы Палестинанын президенти Махмуд Аббастын видео кайрылуусун күтүп жатат.

АКШ экинчи жыл катары менен Палестинанын лидерине Нью-Йоркко баруу үчүн виза берүүдөн баш тартты. Ошондон кийин Башкы ассамблея Аббаска сессиянын катышуучуларына аралыктан кайрылууга уруксат берди.

Жогорку деңгээлдеги жумалыктын алкагында Судан жана Йемендеги кырдаал боюнча да консультациялар өтөрү күтүлүүдө. Сентябрь айында Франция төрагалык кылып жаткан БУУнун Коопсуздук кеңешинде Жакынкы Чыгыш маселесине арналган жогорку деңгээлдеги жолугушуулар өтүшү мүмкүн.

Украина маселеси да жалпы саясий дебаттардын жана көптөгөн эки тараптуу жолугушуулардын негизги темаларынын бири бойдон калууда. Жогорку деңгээлдеги жумалыктын алдында Украинанын президенти Владимир Зеленский Нью-Йоркто Дональд Трамп менен жолугушуу өткөрүү боюнча макулдашуу болгонун билдирген.

АКШ администрациясы жаңжалды жөнгө салуунун жолдорун издөө максатында дипломатиялык байланыштарын улантууда. Сентябрдын башында Трамп Россиянын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөшкөн. Украина маселеси БУУнун Коопсуздук кеңешинин деңгээлинде да талкууланары күтүлүүдө. Жаңжалдын түздөн-түз аскердик жана саясий аспектилеринен тышкары, БУУ анын дүйнөлүк азык-түлүк жана энергетикалык коопсуздукка тийгизген таасирине, ошондой эле Кара деңиз аркылуу экспорт жүргүзүүдөгү көйгөйлөргө көңүл бурууда.

Жасалма интеллект

Быйылкы Башкы ассамблеянын өзгөчөлүктөрүнүн бири жасалма интеллектке өзгөчө көңүл бурулушу болот. БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш буга чейин жасалма интеллектти өнүктүрүү маселелери дүйнө лидерлери менен өткөрө турган сүйлөшүүлөрүндө маанилүү орунду ээлей турганын билдирген.

Анын пикиринде, бул тармакта алдыңкы орунда турган мамлекеттер технологиянын көзөмөлсүз өнүгүүсүнөн келип чыгуучу тобокелдиктерди азайтуу үчүн жалпы эрежелер жана коопсуздук механизмдери боюнча макулдашууга жетишиши керек.

Бул тема БУУнун Коопсуздук кеңешинин деңгээлине да чыгарылат. Сентябрь айында Кеңешке төрагалык кылып жаткан Франция жасалма интеллекттин эл аралык тынчтыкка жана коопсуздукка тийгизген таасирин талкуулоону даярдап жатат. Ага OpenAI компаниясынын жетекчиси Сэм Альтман катышары күтүлүүдө.

Коопсуздук кеңешинде жасалма интеллект маселесине арналган өзүнчө жыйын биринчи жолу 2023-жылы өткөн.

Гутерриштин ордуна ким келет?

Мурунку жылдардан айырмаланып, Нью-Йорктогу дипломатиялык консультациялардын маанилүү бөлүгүн БУУнун келечектеги жетекчилиги маселеси түзөт. Антониу Гутерриштин экинчи беш жылдык мөөнөтү 31-декабрда аяктайт. Учурда уюм БУУнун онунчу башкы катчысын тандоо процедурасын жүргүзүүдө.

Коопсуздук кеңеши талапкерди макулдашып, андан кийин анын талапкерлиги Башкы ассамблеянын бекитүүсүнө сунушталат. 2026-жылы талапкерлер өз программаларын БУУга мүчө мамлекеттерге тааныштырып, ачык интерактивдүү угууларга катышышты. Кандидаттар боюнча консультациялар жогорку деңгээлдеги жумалыктын жүрүшүндө да уланышы күтүлүүдө. Анткени бул учурда Нью-Йоркто көпчүлүк мамлекеттердин лидерлери жана тышкы иштер министрлери бир убакта чогулат.

Климаттан пандемияларга чейин

Жалпы саясий дебаттар менен катар бир катар өзүнчө жогорку деңгээлдеги иш-чаралар да өткөрүлөт. 23-сентябрда Өнүгүү укугу жөнүндө декларациянын кабыл алынгандыгынын 40 жылдыгына арналган жыйын өтөт. Ошондой эле БУУнун башкы катчысы чакырган климаттык аракеттер жана адилеттүү өтүүгө арналган иш-чара өткөрүлөт.

24-сентябрда Башкы ассамблея деңиз деңгээлинин көтөрүлүшүнө байланыштуу экзистенциалдык коркунучтарга арналган атайын жыйын өткөрөт. Бул маселе чакан аралдагы өнүгүп келе жаткан мамлекеттер жана жээктеги өлкөлөр үчүн өзгөчө мааниге ээ. Алар акыркы жылдары климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерине ыңгайлашуу боюнча эл аралык чараларды тездетүүнү талап кылып келишет.

25-сентябрда пандемиялардын алдын алуу, аларга даярдык көрүү жана жооп кайтаруу маселелери боюнча жогорку деңгээлдеги жыйын өтөт.

28-сентябрда катышуучулар Расизмге жана расалык басмырлоого каршы күрөшүү боюнча Дурбан декларациясы менен иш-аракеттер программасынын кабыл алынгандыгынын 25 жылдыгын белгилешет.

29-сентябрда өзөктүк куралды толугу менен жоюу үчүн күрөш боюнча Эл аралык күнгө арналган жогорку деңгээлдеги жыйын өткөрүү пландалууда.

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: АКШБУУнун Башкы АссамблеясыдебатНью-Йорк
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

Япония АКШ армиясына аэропортун пайдаланууга уруксат берген жок

Япония АКШ армиясына аэропортун пайдаланууга уруксат берген жок

24.11.2026
АКШнын Өкүлдөр палатасындагы көпчүлүк орундар боюнча демократтар рекорд жасашты

АКШнын Өкүлдөр палатасындагы көпчүлүк орундар боюнча демократтар рекорд жасашты

24.11.2026
АКШ менен Иран жаңы согуштун босогосунда: Трамп чечим кабыл алууну эмне үчүн кечеңдетип жатат?

АКШ менен Иран жаңы согуштун босогосунда: Трамп чечим кабыл алууну эмне үчүн кечеңдетип жатат?

23.11.2026
АКШнын санариптик инфраструктурасында  жаңы мүчүлүштүктөр болушу мүмкүн 

АКШнын санариптик инфраструктурасында  жаңы мүчүлүштүктөр болушу мүмкүн 

23.11.2026
Эмне үчүн израилдик режим мындан ары Американын  союздашы болбой калды?

Эмне үчүн израилдик режим мындан ары Американын  союздашы болбой калды?

23.11.2026
АКШда 5,5 миңден ашык авиакаттам кармалып же токтотулган

АКШда 5,5 миңден ашык авиакаттам кармалып же токтотулган

23.11.2026
Тактикалык тыныгуу: АТЭС саммитинен кийин АКШ, Кытай жана Россиянын жакындашуусун күтүүгө болобу?

Тактикалык тыныгуу: АТЭС саммитинен кийин АКШ, Кытай жана Россиянын жакындашуусун күтүүгө болобу?

21.11.2026
Ирандын күчтөрү АКШнын MQ-9 учкучсуз учагын атып түшүргөнүн билдиришти

Ирандын күчтөрү АКШнын MQ-9 учкучсуз учагын атып түшүргөнүн билдиришти

21.11.2026
АКШнын Калифорния штатында күчү 5,0 баллга жеткен жер титирөө болду

АКШнын Калифорния штатында күчү 5,0 баллга жеткен жер титирөө болду

20.11.2026

Биздин Facebook

Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Газадагы кышкы гуманитардык кризис: суу каптаган чатырлар жана өлүм коркунучундагы балдар

Газадагы кышкы гуманитардык кризис: суу каптаган чатырлар жана өлүм коркунучундагы балдар

24.11.2026
Иран парламенти Ядролук куралды жайылтпоо жөнүндө келишиминен чыгуу боюнча мыйзамды чукул арада кабыл алууга даяр

Иран парламенти Ядролук куралды жайылтпоо жөнүндө келишиминен чыгуу боюнча мыйзамды чукул арада кабыл алууга даяр

23.11.2026
Иран АКШнын аракеттеринен улам коргонуу доктринасын кайра карап чыгышы мүмкүн

Иран АКШнын аракеттеринен улам коргонуу доктринасын кайра карап чыгышы мүмкүн

21.11.2026
Иран АКШнын химиялык жана биологиялык курал тууралуу дооматтарын четке какты

Иран АКШнын химиялык жана биологиялык курал тууралуу дооматтарын четке какты

20.11.2026
Сомали БАЭнин элчисин өлкөдөн чыгарып, өз элчисин Абу-Дабиден чакыртып жатат

Сомали БАЭнин элчисин өлкөдөн чыгарып, өз элчисин Абу-Дабиден чакыртып жатат

20.11.2026
Иран аймактагы өлкөлөрдү АКШнын соккулары үчүн өз аймактарын пайдаланууга бербөөгө чакырды

Иран аймактагы өлкөлөрдү АКШнын соккулары үчүн өз аймактарын пайдаланууга бербөөгө чакырды

19.11.2026

Валюталар курсу

Экономика

Иранга каршы согуштук аракеттери башталгандан бери Түркиянын алтын-валюта резервдери 51 миллиард долларга кыскарды

Иранга каршы согуштук аракеттери башталгандан бери Түркиянын алтын-валюта резервдери 51 миллиард долларга кыскарды

24.11.2026
Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

18.11.2026
ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

18.11.2026
Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

17.11.2026
Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

28.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
218 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.