Ирандын курамасы Ысык-Көл облусунда өтүп жаткан VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алгачкы эки күнүндө төрт медаль — бир алтын, бир күмүш жана эки коло медаль жеңди.
1-сентябрда Чолпон-Ата шаарындагы «Газпром» дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплексинде кураш боюнча мелдештер өттү. Анда Ирандын спортчусу Садег Азаранг экинчи орунду ээлеп, өлкөсүнө биринчи күмүш медалды алып келди.

Азаранг мелдештин жүрүшүндө Орусия жана Кыргызстандын күчтүү атаандаштарын жеңип, финалга чыккан.
2-сентябрда 170 килограмм салмактагы ирандык спортчу Реза Гайтаси таяк тартыш боюнча мелдештин финалында жеңишке жетип, Иранга алгачкы алтын медалды алып берди. Ал финалдык беттеште Кыргызстандын өкүлү Келдибек Атайбек уулун жеңди.

Ошол эле күнү «Газпром» дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплексинде алыш күрөшү боюнча мелдештер өттү. Анын жыйынтыгында 60 килограммга чейинки салмак категориясында күч сынашкан Ирандын спортчусу Абулфазл Хейдари коло медаль тагынды.

Хейдари жарым финал алдындагы беттеште кыргызстандык атаандашы менен күрөшүп, 1:7 эсебинде жеңилип калды. Ошентип, ирандык балбан мелдешти коло медаль менен жыйынтыктады.
Мындан тышкары, Ирандын атынан таяк тартыш боюнча мелдешке катышкан Марьям Фарахани да коло медалга ээ болду.

Ушуну менен Ирандын курамасы VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында бир алтын, бир күмүш жана эки коло медаль жеңип алды.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда өтүп жаткан VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына Ирандан 130 спортчу катышууда.

















