Түркия, Бириккен Араб Эмираттары (БАЭ), Индонезия, Катар, Египет, Пакистан, Сауд Арабиясы жана Иорданиянын тышкы иштер министрлери Израилдин ашынган оңчул өкүлдөрүнүн жетекчилиги алдында жана Израилдин коопсуздук күчтөрүнүн коштоосунда жүргүзүлгөн Аль-Акса мечитинин аймагына жапырт кирүүлөрдү эң катуу түрдө айыпташты.
Министрлердин биргелешкен билдирүүсүндө Израилдин Аль-Акса мечитинин (Харам аш-Шариф) аймагындагы аракеттеринен улам күчөгөн чыңалуу катуу сынга алынган. Анда Израилдин ашынган оңчул министрлеринин жетекчилиги астында жана коопсуздук күчтөрүнүн коргоосунда жүргүзүлүп жаткан жөөт конушчуларынын массалык рейддери өзгөчө белгиленген.
Билдирүүдө ошондой эле Аль-Акса комплексинин короосуна Израилдин желегинин илиниши, Израил полициясынын эки чатыр орноткону жана чагымчыл мүнөздөгү башка бардык аракеттер айыпталган.
«Израилдин аракеттери чагымчыл жана кабыл алынгыс»
Министрлер мындай аракеттер эл аралык укукту, Бириккен Улуттар Уюмунун тиешелүү резолюцияларын, ошондой эле басып алынган Чыгыш Иерусалимдеги ыйык жайлардын тарыхый жана укуктук статус-квосун ачык түрдө бузуп жатканын белгилешти.
Билдирүүдө Израилдин ашынган оңчул министрлери жана топтору тарабынан жасалган мыйзамсыз жана экстремисттик чагымдар, Аль-Аксага басып кирүүгө чакырыктар жана зомбулук аракеттери эң катуу айыпталат.
Министрлер мындай чагымдар жек көрүүчүлүктү жана экстремизмди күчөтүп, эки мамлекет принцибине негизделген адилеттүү жана туруктуу тынчтыкка жетишүү аракеттерине тоскоол болуп жатканын эскертишти.
Ошондой эле алар Иерусалимдин Эски шаарына жана андагы сыйынуу жайларына кирүүгө коюлган чектөөлөрдү, ошондой эле башка диний жайларга карата басмырлоочу жана негизсиз чектөөлөрдү эл аралык укуктун, анын ичинде эл аралык гуманитардык укуктун одоно бузулушу деп баалашты. Министрлер мындай аракеттер тарыхый жана укуктук статус-квону мыйзамсыз өзгөртүүгө багытталганын белгилешти.
Билдирүүдө Израилдин басып алынган Иерусалимге, ошондой эле андагы мусулман жана христиан ыйык жайларына карата эч кандай суверенитетке ээ эместиги дагы бир жолу баса белгиленди.
Министрлер Израилди «басып алуучу мамлекет» катары айыптап, анын Иерусалимдин тарыхый, укуктук жана демографиялык мүнөзүн өзгөртүүгө, ошондой эле шаардагы мусулман жана христиан ыйык жайларынын макамын алсыратууга багытталган системалуу аракеттерин сынга алышты.
Иерусалимдеги кырдаал
Тышкы иштер министрлери Иерусалимдин жана андагы мусулман жана христиан ыйык жайларынын тарыхый жана укуктук макамын өзгөртүүгө багытталган бардык аракеттерди кескин түрдө четке кагышарын дагы бир жолу билдиришти. Алар учурдагы статус-квону сактоонун маанилүүлүгүн белгилеп, ыйык жайларды коргоодогу Хашимиттердин тарыхый камкордугунун өзгөчө ролун таанышты.
Биргелешкен билдирүүдө ошондой эле аянты 144 дунам болгон Аль-Акса мечитинин (Харам аш-Шариф) аймагы мусулмандардын гана сыйынуу жайы экени ырасталды. Комплексти башкаруу жана ага кирүүнү жөнгө салуу боюнча өзгөчө ыйгарым укук Иорданиянын Вакфтар жана ислам ыйык жайлары министрлигине караштуу Иерусалим жана Аль-Акса вакф башкармалыгына гана таандык экени белгиленди.
Министрлер Израилди «басып алуучу мамлекет» катары Иерусалимдин Эски шаарына кирүүгө коюлган бардык чектөөлөрдү тез арада алып салууга жана мусулмандардын Аль-Акса мечитине баруусуна тоскоолдук жараткан чараларды токтотууга чакырышты.
Ошондой эле алар эл аралык коомчулукту Израилдин Иерусалимдеги мусулман жана христиан ыйык жайларына каршы уланып жаткан мыйзамсыз аракеттерин жана укук бузууларын токтотуу үчүн чечкиндүү чараларды көрүүгө чакырышты.
Буга чейин Израилдин улуттук коопсуздук министри, ашынган оңчул саясатчы Итамар Бен-Гвир полициянын коштоосунда жана радикал көз караштагы жөөт активисттеринин тобу менен басып алынган Чыгыш Иерусалимдеги Аль-Акса мечитинин аймагына кайрадан барган.


















