Иран төрт айдан ашуун созулган тыныгуудан кийин маркум аятолла Али Хаменеинин акыркы сапарга узатуу зыйнатына даярданып жатат.
Ирандын жогорку руханий лидери аятолла Али Хаменеи үстүбүздөгү жылдын 28-февралында АКШ менен Израилдин Иранга каршы баштаган аскердик аракеттеринде шейит болгон.
Руханий лидер менен коштошуу зыйнаты 4-5-июлда Тегерандагы “Мосалла” комплексинде башталат. 7-июлда аземдер Кум шаарында уюштурулуп, 8-июлда сөөк Ирактын Нажаф жана Кербала шаарларында жеткирилет. Андан соң маркумду жерге берүү зыйнаты 9-июлда Мешхед шаарында өтөт.
Уюштуруучулардын маалыматына ылайык, коштошуу аземи көп сандаган жарандардын катышуусу менен өтөрү күтүлүүдө. Ошондуктан коопсуздук чаралары күчөтүлүп, катышуучулардын ыңгайлуулугу үчүн атайын кызматтар жана техникалык жабдуулар алдын ала даярдалууда.
































Discussion about this post