Өтө катуу ысыктын айынан Франциянын аймагынын төрттөн бири, анын ичинде Париж шаары да, коркунучтун деңгээли боюнча экинчи баскычтагы «кызгылт сары (оранжевый) деңгээлге» өткөрүлдү. Бул тууралуу France 24 басылмасына шилтеме берүү менен Kazinform агенттиги маалымдады.
Жума күнү өлкөнүн аймагынын жарымынан көбү ушул «кызгылт сары коркунуч деңгээлинин» таасиринде болору күтүлүүдө.
Бейшемби күнү эртең менен Париждин түндүк четиндеги Ермонт шаарчасында ысыктан улам бир эркек киши каза болгон.
Синоптиктердин маалыматы боюнча, жума күнү Парижде жана Иль-де-Франс аймагында абанын температурасы 36–37°Cге чейин жетип, июнь айы үчүн рекорддук көрсөткүчтөргө жакындайт.
Аномалдуу ысыктан улам бир катар мектептер сабактардын расписаниесине өзгөртүүлөрдү киргизип, алар бейшемби күндүн экинчи жарымынан тарта күчүнө кирди.
Парижде онго жакын орто мектеп бейшемби жана жума күндөрү окуу графигин өзгөртүп үлгүргөн.
Өткөн жылдын июнь айында болгон катуу ысыктын учурунда өлкө боюнча болжол менен 2200 мектеп жабылган.
Темир жол компаниясы SNCF бейшембиден дүйшөмбүгө чейин алыскы каттамдагы 71 поездди токтотту. Компания мындай чечимди өтө жогорку температуралардан улам кондиционер системаларынын ишинде көйгөйлөр жаралышы мүмкүн экенин алдын алуу максаты менен түшүндүрдү.
Ошол эле учурда Париж бийлиги борбордун чыгыш бөлүгүндөгү Сен-Мартен каналынын бир бөлүгүндө сууга түшүүгө уруксат берип, аны «салкындап алуунун чыныгы жолу» деп атады.
Париждин мэри Эммануэль Грегуар X социалдык тармагында мындай деп жазды:
«Бул мүмкүнчүлүктөн толук пайдаланыңыз жана мындай ысыкта этият болуңуз».
Синоптиктердин божомолу боюнча, мындай аба ырайы кийинки жумага чейин уланат. Ысыктын эң жогорку чеги жекшемби же дүйшөмбү күнү күтүлүп, Франциянын айрым аймактарында, анын ичинде Парижде температура 40°Cге чейин көтөрүлүшү мүмкүн.
Буга чейин жогорку температуралар акыркы төрт жыл ичинде Европада 200 миңден ашуун адамдын өлүмүнө себеп болгону маалымдалган.



















