Forbes журналынын версиясы боюнча орусиялык миллиардерлердин эң бай мураскерлеринин рейтингинде кайрадан биринчи орунду «ЛУКОЙЛдун» негиздөөчүсү Вагит Алекперовдун уулу Юсуф Алекперов ээледи. Анын үлүшү 29,5 миллиард долларды түзөт.
Журнал рейтингдин жаңыланган версиясын жарыялады.
Экинчи орунда «НОВАТЭК» жана «Сибур» компанияларынын ээси Леонид Михельсондун кызы Виктория жана аты аталбаган уулу турат. Ар биринин үлүшү 14,15 миллиард доллардан.
Үчүнчү орунду «Еврохимдин» негиздөөчүсү Андрей Мельниченконун балдары Тара жана Адриан ээледи. Ар бирине атасынын байлыгынан 10,2 миллиард доллардан туура келет.
Андан кийинки орундарда:
- Сенатор Сулейман Керимовдун балдары Гульнара, Саид жана Амина Керимовалар — ар бирине 8,57 миллиард доллардан.
- Новолипецк металлургия комбинатынын директорлор кеңешинин төрагасы Владимир Лисиндин балдары Дмитрий, Юрий жана Анастасия Лисиндер — ар бирине 8,5 миллиард доллардан.
- Volga Group компаниясынын негиздөөчүсү Геннадий Тимченконун балдары Наталья Браунинг, Ксения Франк жана Иван Тимченко — ар бирине 8,07 миллиард доллардан.
- Россиянын жер семирткич өндүрүүчүлөр ассоциациясынын президенти Андрей Гурьевдин балдары Андрей Гурьев-кичүү жана Юлия Гурьева-Мотлохова — ар бирине 5,4 миллиард доллардан.
- «Северсталь» компаниясынын негизги бенефициары Алексей Мордашовдун балдары Илья Митюков, Кирилл, Никита, Мария, Анастасия, Даниил жана Алена Мордашовалар — ар бирине 5,28 миллиард доллардан.
- Урал тоо-металлургия компаниясынын башкы директору Андрей Козицындын кызы Мария Козицына — 5,2 миллиард доллар.
- «Ренова» компаниялар тобунун директорлор кеңешинин төрагасы Виктор Вексельбергдин балдары Ирина жана Александр Вексельбергдер — ар бирине 5,1 миллиард доллардан.
- Магнитогорск металлургия комбинатынын ээси Виктор Рашниковдун кыздары Татьяна Рахно жана Ольга Рашникова — ар бирине 4,65 миллиард доллардан.
- «Норникелдин» жетекчиси Владимир Потаниндин балдары Анастасия, Иван, Василий, Варвара, Даниил, Ульяна жана Фёдор Потаниндер — ар бирине 4,24 миллиард доллардан.
- «Фармстандарттын» директорлор кеңешинин төрагасы Виктор Харитониндин уулу Иван Харитонин жана дагы бир баласы — ар бирине 3,95 миллиард доллардан.
- EN+ компаниясынын негиздөөчүсү Олег Дерипасканын балдары Пётр жана Мария Дерипаска — ар бирине 3,8 миллиард доллардан.
- «ФосАгронун» ири акционери жана мурдагы директорлор кеңешинин төрагасы Владимир Литвиненконун кызы Ольга Литвиненко — 3,6 миллиард доллар.
- Playrix оюн компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири Дмитрий Бухмандын үч уулу жана бир кызы — ар бирине 3,4 миллиард доллардан.
- Инвестор жана ишкер Дмитрий Рыболовлевдин кыздары Екатерина Сартори-Рыболовлева жана Анна Рыболовлева — ар бирине 3,35 миллиард доллардан.
- «Альфа-Групп» консорциумунун негиздөөчүлөрүнүн бири Михаил Фридмандын балдары Лора, Катя Фридман, Александр жана Ника Ожельскийлер, ошондой эле Малка Фридман — ар бирине 3,3 миллиард доллардан.

Рейтингдин акыркы сабында Урал тоо-металлургия компаниясынын негиздөөчүсү Искандер Махмудовдун балдары Жахангир, Яна жана Анастасия Махмудовалар турат. Forbes баалоосу боюнча, алардын ар бири 3,23 миллиард доллардан мураска ээ болушу мүмкүн.


















