Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев видеоконференция режиминде Ысык-Көл облусунун бийик тоолуу Эңилчек айылындагы жалпы билим берүүчү мектепте жогорку ылдамдыктагы спутниктик интернеттин ишин расмий түрдө баштап берди.
Өкмөттүн маалымат кызматы билдиргендей, географиялык абалынын татаалдыгынан жана жер үстүндөгү коммуникациялардын жоктугунан улам буга чейин глобалдык тармакка чыга албаган Эңилчек айылындагы мектеп Starlink спутниктик системасы аркылуу кошулган өлкөдөгү биринчи социалдык объект болуп калды.
«Бүгүн заманбап технологияларга жетүү биздин тоолуу республикабыздын эң алыскы бурчтарында да ачылууда. Эңилчектеги мектепти кошуу – бул өтө маанилүү кадам. Бүгүнкү күндө өлкөдө интернетке кошула элек 6 гана мектеп бар. Алардын сапаттуу жана туруктуу байланышын камсыз кылуу биздин кийинки артыкчылыктуу милдетибиз болуп саналат, ал жакынкы аралыкта чечилет», — деп билдирди Министрлер кабинетинин башчысы.
Кыргызстан starlink.com глобалдык картасындагы активдүү камтуу зонасында расмий түрдө 23-майдан тартып пайда болду.
Кыргызстан аймагында жергиликтүү өнөктөш катары эл аралык стандарттарга толук ылайык келген масштабдуу техникалык инфраструктураны ишке ашырган “ЭлКат” ЖЧКсы чыккан.
Пилоттук долбоор КР президентинин 2025-жылдын 3-октябрындагы №276 “Геостационардык эмес спутниктик системаларды пайдалануу боюнча пилоттук долбоорду өткөрүү жөнүндө” Жарлыгын аткаруунун алкагында ишке ашырылууда.
“Бүгүнкү күндө долбоорду ишке киргизүү үчүн мамлекет тарабынан белгиленген бардык техникалык жана юридикалык талаптарды аткарган компания SpaceX болуп саналат. Ошол эле учурда, КР Министрлер кабинети ачык-айкындуулук жана эркин атаандаштык принциптерине берилгендигин ырастайт: долбоор бир провайдер менен чектелбейт. Спутниктик интернет кызматтарын көрсөткөн жана мамлекеттик коопсуздук жана сапат стандарттарына жооп берген ар кандай технологиялык компания республиканын аймагында долбоорду ишке ашырууга катышууга арыз берүүгө укуктуу”, – деп айтылат маалыматта.



















