Eurasiatoday
Жекшемби, 29-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

Кыргызстанда бензин менен дизел майына баалар акырындап кымбаттоодо

  • Экономика
  • 21.05.2026 08:54

Loading

Дүйнөлүк рынокто мунайга баанын кескин көтөрүлүшү Кыргызстандагы күйүүчү-майлоочу майдын кымбатташына түздөн-түз таасирин тийгизүүдө. Бул өсүш Жакынкы Чыгыштагы соңку геосаясий чыңалуудан, тагыраагы Ормуз кысыгынын айланасындагы кырдаалдан улам келип чыгууда.

Эксперттердин айтымына караганда, соңку геосаясий чыңалуунун таасири мунай баасына чоң таасир этип жаткандыктан, АИ-92 бензининин орточо баасы бир литрине болжол менен 1,46 АКШ долларды түзөт. Эл аралык дүң баада АИ-92 бензининин бир тоннасынын баасы орто эсеп менен 950 – 1000 АКШ долларынын тегерегинде сатылууда.

Кыргызстан мунайзаттарын 90%дан ашык көлөмдө Россиядан импорттойт. Мындан улам Бишкекте жана аймактарда АИ-92, АИ-95 бензининин жана дизелдик отундун баасы этап-этабы менен жогорулоодо. Бирок кыргыз өкмөтү баалардын кескин көтөрүлүп кетишине жол бербөө максатында мунай ташуучулар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, бааны кармап туруу аракеттерин көрүп жатат.

Тема боюнча

Трамптын мунай рыногун турукташтыруу аракеттерине карабастан, Brent мунайынын баасы 110 доллардан ашты

Трамптын мунай рыногун турукташтыруу аракеттерине карабастан, Brent мунайынын баасы 110 доллардан ашты

17.10.2026

Буга чейин Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев “Биринчи радионун” түз эфиринде өлкөдө күйүүчү майдын баасы кескин көтөрүлүп кетпеши үчүн, аны эки жумада бир жолу 1 сомдон акырындык менен жогорулатуу пландалып жатканын маалымдаган.

Мындан улам Кыргызстандын Нефтетрейдерлер Ассоциациясынын президенти Канатбек Эшатовго бензиндин баасы канча сомго чейин көтөрүлүшү мүмкүн жана туруктуу кармап турса болобу деген суроолор менен кайрылып, жооп алдык.

“Дүйнө жүзү боюнча мунай затка болгон баалар кымбаттап жатат”

– Кыргызстандын күйүүчү-майлоочу майлар рыногу толугу менен импорттон көз каранды. Баалар дагы ага жараша көтөрүлөт. Бирок буга карабай  бүгүнкү күнү биз өз наркынан арзан баада кармап турабыз.

Эгерде Россия Федерациясынан сатып алган бензиндин алдын ала төлөнгөн салыктарды жана акциздерди жана жол кире акысын кошкондо Кыргызстан ичинде АИ 92 үлгүсүндөгү бензиндин баасы 81 сом болушу керек. Ошондой эле Данияр Амангелдиев айткандай, жумасына бир, эки жолу кымбаттап, бүгүнкү турган чекене баадан дагы эки, үч сомго баа жогору болушу керек”.

2026-жылдын май айындагы маалыматтар боюнча, дүйнөлүк рынокто бензиндин, анын ичинде АИ-92нин орточо баасы бир литрине болжол менен 1,46 АКШ долларды түзөт. Эл аралык дүң рынокто АИ-92 бензининин бир тоннасынын баасы орто эсеп менен 950 – 1000 АКШ долларынын тегерегинде сатылууда.

20 – майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Бактыбек Чойбеков дагы күйүүчү майлардын кымбатташы жана анын азык-түлүк коопсуздугуна тийгизген таасири тууралуу маселе көтөрдү.

Эл өкүлү күйүүчү майдын кымбатташы түз эле күнүмдүк керектелүүчү азык-түлүктөрдүн баасынын өсүшүнө алып келерин баса белгилеп, өлкө кризистик абалда туңгуюкка кептелбеши үчүн эң керектөөчү негизги азыктар – нан, картошка, жумуртка, сүт азыктары менен өзүн-өзү толук камсыздоо деңгээлине чыгышы зарыл экенин айтты.

“Дүйнөдө орун алып жаткан процесстер, олку – солку кырдаалдар Кыргызстанга дагы түздөн-түз таасирин тийгизип жатат. Себеби күйүүчү, майлоочу заттардын баалары 100 сомго жетип калды. Эгер күйүүчү майлардын баасы мындан ары да кымбаттаса, кескин түрдө башка товарлардын дагы баасы жогорулап, мунун таасири азык-түлүктөрдүн баасынын жогорулашына алып келип жатат. Өткөн жумада Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек  Касымалиев дагы жакын арада баалар көтөрүлөт деген божомолдуу маек берди. Мен айткан  сөздү ал дагы айтып жатат. Эгерде муну биз жон терибиз менен билип, сезип жаткан болсок, анда алдын алуу үчүн кандай иштер алып барылып жатат? ”, – деп депутат жыйынга катышкан өкмөт мүчөлөрүнө суроо узатты.

Эл өкүлү  Кыргызстан күйүүчү майларга сырткы өнөктөштөрдөн көз каранды болгондугуна карабай аткаруу бийлиги өнөктөштөр менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, туруктуу кармап туруу түздөн-түз милдети экендигин билдирип, ыкчам чараларды көрүүгө чакырды.

Даярдаган Турдайым Кожомбердиева

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: Күйүүчү майкымбатчылыкРоссия мунайы
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

АКШда дизель отунунун запасы 23 жылдагы эң төмөнкү деңгээлге түштү

АКШда дизель отунунун запасы 23 жылдагы эң төмөнкү деңгээлге түштү

13.11.2026
Трамптын мунай рыногун турукташтыруу аракеттерине карабастан, Brent мунайынын баасы 110 доллардан ашты

Трамптын мунай рыногун турукташтыруу аракеттерине карабастан, Brent мунайынын баасы 110 доллардан ашты

17.10.2026
Трамптын жаңы шоусу: кризис акыркы баскычына жеткенде

Трамптын жаңы шоусу: кризис акыркы баскычына жеткенде

10.10.2026
Кытай күйүүчү майдын экспортун убактылуу токтотту

Кытай күйүүчү майдын экспортун убактылуу токтотту

01.10.2026
Күйүүчү май кризиси: АКШнын дизель экспортуна тыюу салуусу Европага сокку урушу мүмкүн

Күйүүчү май кризиси: АКШнын дизель экспортуна тыюу салуусу Европага сокку урушу мүмкүн

30.09.2026
Британияда дизелдик күйүүчү майдын баасы тарыхый рекордго жетти

Британияда дизелдик күйүүчү майдын баасы тарыхый рекордго жетти

29.09.2026
АКШ менен Израилдин Иранга каршы согушу күйүүчү майдын чыгымын 1 миллиард долларга көбөйттү

АКШ менен Израилдин Иранга каршы согушу күйүүчү майдын чыгымын 1 миллиард долларга көбөйттү

19.09.2026
Жакынкы Чыгыштагы жаңжалдан улам дүйнө күйүүчү май кризисине туш болууда

Жакынкы Чыгыштагы жаңжалдан улам дүйнө күйүүчү май кризисине туш болууда

18.09.2026
Калифорнияда дизелдин баасы галлонуна 10 долларга жетти

Калифорнияда дизелдин баасы галлонуна 10 долларга жетти

17.09.2026

Биздин Facebook

Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Ирандын лидери: «Басиж» душмандарга сокку уруунун бир да мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбайт

Ирандын лидери: «Басиж» душмандарга сокку уруунун бир да мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбайт

28.11.2026
Арагчи: Израиль Иранга каршы дооматтары менен АКШны согушка тартууну көздөп жатат

Арагчи: Израиль Иранга каршы дооматтары менен АКШны согушка тартууну көздөп жатат

26.11.2026
Тегерандын соту Минаб шаарындагы мектептин бомбаланышына байланыштуу АКШга каршы доо арызды кароону баштады

Тегерандын соту Минаб шаарындагы мектептин бомбаланышына байланыштуу АКШга каршы доо арызды кароону баштады

26.11.2026
Газадагы кышкы гуманитардык кризис: суу каптаган чатырлар жана өлүм коркунучундагы балдар

Газадагы кышкы гуманитардык кризис: суу каптаган чатырлар жана өлүм коркунучундагы балдар

24.11.2026
Иран парламенти Ядролук куралды жайылтпоо жөнүндө келишиминен чыгуу боюнча мыйзамды чукул арада кабыл алууга даяр

Иран парламенти Ядролук куралды жайылтпоо жөнүндө келишиминен чыгуу боюнча мыйзамды чукул арада кабыл алууга даяр

23.11.2026
Иран АКШнын аракеттеринен улам коргонуу доктринасын кайра карап чыгышы мүмкүн

Иран АКШнын аракеттеринен улам коргонуу доктринасын кайра карап чыгышы мүмкүн

21.11.2026

Валюталар курсу

Экономика

Ирак Курдистан аймагынын чек араларына аскерлерин жылдырууда

Ирак Курдистан аймагынын чек араларына аскерлерин жылдырууда

26.11.2026
Иранга каршы согуштук аракеттери башталгандан бери Түркиянын алтын-валюта резервдери 51 миллиард долларга кыскарды

Иранга каршы согуштук аракеттери башталгандан бери Түркиянын алтын-валюта резервдери 51 миллиард долларга кыскарды

24.11.2026
Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

18.11.2026
ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

18.11.2026
Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

17.11.2026
Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
224 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.