Жекшемби күнү Лондон шаарында Борбор Азия өлкөлөрүнүн диаспораларын өкүлдөрүнөн түзүлгөн командалар арасында футбол мелдеши болуп өттү. Иш-чараны London Kazakh Centre коомдук демилгеси уюштурду, деп билдирет Казинформ агенттигинин Лондондогу өз кабарчысы.
Мелдешке Казакстан, Өзбекстан жана Кыргызстан өлкөлөрүнүн өкүлдөрүнөн түзүлгөн сегиз команда катышты. Ар бир команда жети оюнчудан турган.
London Kazakh Centre уюмунун директору Куат Сериков белгилегендей, турнирдин негизги максаты – спорттук атаандаштык гана эмес, Борбор Азия коомчулугунун ичиндеги байланышты чыңдоо болгон. Коомдук демилгенин негиздөөчүсү Данияр Берикулы мындай иш-чаралар маданий байланыштарды сактоого жана баарлашуу үчүн шарт түзүүгө жардам берерин кошумчалады.
Оюндар аяктагандан кийин катышуучулар жана коноктор бейформал шартта баарлашууну улантышты. Оюнчулар жана көрүүчүлөр үчүн улуттук тамак-аштар сунушталган атайын аймак уюштурулду. Турнир ошондой эле диаспора өкүлдөрү үчүн таанышуу, пикир алышуу жана жаңы байланыштарды түзүү аянтчасына айланды.
Буга чейин Лондондо Борбор Азия диаспоралары уюштурган Нооруз майрамын белгилөө тууралуу да кабарланган.



















