17-майдан тартып Евразиялык экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин евразиялык транспорттук коридорлорго кирген унаа жолдорунда жүрүүчү транспорт каражаттарынын уруксат берилген массалары, октук жүктөмдөрү жана габариттери жөнүндө макулдашуу күчүнө кирди.
Макулдашуунун негизги шарттарына; Бирдиктүү талаптар, чыгымдардын кыскарышы жана чек арасыз транзит кирген.
Буга чейин кыргызстандык жүк ташуучулар чек арадан өтүүдө кыйынчылыктарга дуушар болуп, кошумча уруксат кагаздарын алууга жана узак кезекке турууга аргазсыз болушчу.
Бул маселе боюнча эксперт, экономист Кайрат Итибаевге кайрылганыбызда буларга токтолду:
“Бул макулдашуу – ЕАЭБ аймагындагы жүк ташууларды бир кыйла жеңилдетүүгө багытталган маанилүү кадам деп эсептейм. Буга чейин кыргызстандык жүк ташуучулар чек арадан өткөндө ар кайсы техникалык талаптарга, кошумча уруксат кагаздарына, узак текшерүүлөргө жана кезектерге туш болуп келишкен. Мунун баары убакытты да, каражатты да көбөйтчү. Эми негизги транспорттук коридорлор боюнча салмак, октук жүк жана габарит талаптары бирдиктүү болуп жатканы бул маселелерди кыйла азайтууга жардам берет”.
К. Итибаевдин айтымына караганда, бардык тоскоолдуктар дароо эле жоголуп кетпейт. Бирок жүк ташуучулар үчүн шарттар түшүнүктүүрөөк жана ыңгайлуураак болот. Бул чек арадан өтүүнү тездетип, ашыкча бюрократияны кыскартууга жакшы негиз түзөт.
Кыргызстан үчүн эң негизги артыкчылыктар:
• транспорттук чыгымдардын азайышы;
• жүктү жеткирүү убактысынын кыскарышы;
• кыргызстандык ташуучулардын атаандаштык мүмкүнчүлүгүнүн өсүшү;
• экспортко чыккан товарлардын логистикасынын жеңилдеши.
Айрыкча айыл чарба, текстиль жана кайра иштетүү тармактары үчүн бул жакшы мүмкүнчүлүк. Анткени биздин өндүрүүчүлөр үчүн товарды рынокко тез жана туруктуу жеткирүү өтө маанилүү. Кыргызстан транзиттик мүмкүнчүлүгү чоң өлкө. Ошондуктан мындай интеграциялык чечимдерди ички жол инфраструктурасын, логистикалык борборлорду жана заманбап транспорт системасын өнүктүрүү менен кошо алып барышыбыз керек”, – деди эксперт.
Буга чейин Евразия экономикалык комиссиясынын энергетика жана инфраструктура боюнча министри Арзыбек Кожошев бул макулдашуу транспорттук чыгымдарды азайтууда жана жүк агымдарын натыйжалуу тейлөөдө маанилүү роль ойной тургандыгын билдирген. Ошол эле маалда ЕАЭБге мүчө мамлекеттердеги 14 миң чакырымдан ашуун унаа жолдорунун технологиялык биримдиги камсыздалып жаткандыгын кошумчалаган.
“ЕАЭБге мүчө мамлекеттердеги 14 миң чакырымдан ашуун унаа жолдорунун технологиялык биримдиги камсыздалууда. Буга чейин салмактык жана габариттик талаптардын айырмачылыгынан улам ташуучулар жүктү оптималдуу көлөмдө жүктөөдөн баш тартууга аргасыз болушкан. Эми бизнес өкүлдөрү товар партияларын бөлбөстөн жана жүктүн бир бөлүгүн башка транспорт каражатына которбостон евразиялык транспорттук коридорлор аркылуу жүк ташууну ишке ашыра алышат”, – деген Арзыбек Кожошев.
Даярдаган Турдайым Кожомбердиева.

















