Казакстан дүйнөдөгү аскердик күч боюнча жыл сайын түзүлүүчү Global Firepower рейтингинде өз позициясын сактап, 145 өлкөнүн ичинен 58-орунду ээледи. Ошол эле учурда Борбор Азия өлкөлөрүнүн арасында республика жан башына эсептегенде эң жогорку аскердик чыгымга ээ экенин Kazinform агенттиги билдирди.
Маалыматтарга ылайык, 2026-жылы Казакстандын аскердик күч индекси (PwrIndx) 1.0433 деңгээлин түздү. Бул көрсөткүч нөлгө канчалык жакын болсо, өлкөнүн аскердик кубаттуулугу ошончолук жогору деп бааланат.

Дүйнөлүк рейтингде биринчи орунда АКШ (0.0741) турат. Андан кийин Россия (0.0791) жана Кытай (0.0919) жайгашкан. Алдыңкы ондукка ошондой эле Индия, Түштүк Корея, Франция, Япония, Түркия, Италия жана Бразилия кирген.
Рейтингдин акыркы орундарын Либерия, Суринам, Борбордук Африка Республикасы, Белиз жана Бутан ээлеген.
Мындан тышкары, рейтингде өлкөнүн коргонуу бюджети да көрсөтүлгөн — Казакстанда ал 5,836 миллиард долларды түзгөн.

Калктын санына бөлүп эсептегенде, Казакстандын аскердик чыгымдары жылына бир адамга болжол менен 284 долларды түзөт. Бул Борбор Азиядагы эң жогорку көрсөткүч.
Салыштыруу үчүн: Түркмөнстанда бул көрсөткүч 209 доллар, Өзбекстанда 162 долларга жакын, Кыргызстанда 88 доллардын тегерегинде, ал эми Тажикстанда жылына бир адамга 42 доллардан бир аз ашат.
Белгилей кетсек, Global Firepower рейтинги 60тан ашык факторду эске алуу менен түзүлөт. Алардын катарына армиянын саны, каржылык мүмкүнчүлүктөр, логистика, географиялык абал, аскердик техника жана экономиканын туруктуулугу кирет.
Буга чейин Казакстанда Куралдуу күчтөрдүн аскер кызматкерлерине акчалай камсыздоо, жөлөкпулдар жана башка төлөмдөрдү берүү боюнча жаңы эрежелер бекитилген.



















