Сомали Израиль менен байланышкан кемелерге стратегиялык мааниге ээ Баб-эль-Мандеб кысыгы аркылуу өтүүгө тыюу салганын жарыялады. Бул кысык эл аралык деңиз соодасы үчүн маанилүү маршрут болуп эсептелет.
Мындай кадам Израилдин Сомалинин бөлүнүп чыккан аймагы — Сомалиленд — тааныганына түз жооп катары кабыл алынганын Йемендин мамлекеттик маалымат агенттиги билдирди.
Мындай билдирүүнү Сомалинин Эфиопиядагы жана Африка союзундагы элчиси Абдулла Варфа жасады. Ал өлкөнүн аймактык бүтүндүгүнө кандай гана болбосун кол салуу кабыл алынгыс экенин катуу эскертти.
Анын айтымында, тышкы кийлигишүү жооп чараларына, анын ичинде Баб-эль-Мандеб сыяктуу маанилүү деңиз жолдоруна кирүүнү чектөөгө алып келиши мүмкүн.
Бул тыюу Израиль менен Сомалиленддин ортосунда элчилерди алмашуу боюнча жакында түзүлгөн келишимден кийин киргизилди. Сомалиленд Бириккен Улуттар Уюму тарабынан эл аралык деңгээлде таанылган эмес.


















