Өзбекстан БУУнун Өнүктүрүү Программасы менен биргеликте Арал деңизинин аймагында 37 онлайн абаны көзөмөлдөө станциясын орнотту. AURISGREENTECH системасы аркылуу маалыматтарды автоматтык түрдө жаңыртуу адамдык катанын таасирин азайтып, 100% тактыкты камсыз кылат. Бул тууралуу Өзбекстандын Экология боюнча улуттук комитети маалымдаганын Podrobno.uz агенттиги жазды.
Белгиленгендей, БУУнун Өзбекстандагы туруктуу өкүлү Акико Фуджи Каракалпакстанга барып, Экология жана климаттын өзгөрүшү боюнча аймактык комитеттин алдындагы Кырдаал борборунун иши менен таанышты.
“Сапардын жүрүшүндө аймактагы экологиялык мониторингди күчөтүүгө багытталган БУУнун өнүктүрүү программасы менен биргеликте ишке ашырылган долбоордун жыйынтыктары көрсөтүлдү. Тактап айтканда, абанын булгануу деңгээлин реалдуу убакыт режиминде көзөмөлдөө үчүн 37 станция орнотулган. Алар майда бөлүкчөлөрдүн (PM2.5 жана PM10), CO, NO₂, O₃ жана H₂S сыяктуу уулуу газдардын концентрациясын, ошондой эле температура, нымдуулук, басым жана шамалдын ылдамдыгы сыяктуу негизги метеорологиялык көрсөткүчтөрдү жазып алат”, – деп айтылат маалыматта.
Эл аралык стандарттарга ылайык, сууну, топуракты жана абаны талдоо үчүн жабдылган сыноо лабораториясына өзгөчө көңүл бурулду. Бул булгануу деңгээлин баалоону гана эмес, ошондой эле экологиялык тобокелдиктерди алдын ала айтууну жана натыйжалуу жооп кайтаруу чараларын иштеп чыгууну да мүмкүн кылат.
Акико Фуджи сапарынын жыйынтыгында, борбордун адистеринин жана техникалык жабдууларынын ишин жогору баалап, БУУнун Каракалпакстандагы экологиялык абалды жакшыртуу боюнча демилгелерди колдоону улантууга болгон милдеттенмесин баса белгиледи.
Долбоорду ишке ашыруу аймактын климаттын өзгөрүшүнө адаптацияланышында, булганууну азайтууда жана Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүсүндөгү маанилүү кадам катары каралууда.



















