Италия учурдагы кырдаалга байланыштуу Израиль менен коргонуу келишимин автоматтык түрдө узартууну токтотуу чечимин кабыл алды.
Бул тууралуу шейшемби күнү премьер-министр Джорджа Мелони билдирди, деп маалымдайт Ynet.
«Өкмөт түзүлгөн кырдаалды эске алуу менен Израиль менен коргонуу келишимин автоматтык узартууну токтотуу чечимин кабыл алды», — деди ал Верона шаарында өткөн Vinitaly иш-чарасындагы пресс-брифингде.
2003-жылы Парижде Италия менен Израиль аскердик кызматташтык боюнча келишим түзгөн. Ал техникалык кызматташтыкты, маалымат жана чалгын маалыматтарын алмашууну, ошондой эле курал-жарак сатып алууда биргелешкен аракеттерди камтыган. Келишим ар беш жыл сайын автоматтык түрдө узартылып турушу каралган.
Ири эл аралык окуялар тууралуу сөз кылып жатып, Мелони тынчтык сүйлөшүүлөрүн улантуу жана чыңалууну азайтуу зарылдыгын белгиледи. Анын айтымында, Ормуз кысыгынын ишин кайра жандандыруу да маанилүү, анткени ал күйүүчү май гана эмес, жер семирткичтерди жеткирүү үчүн да чоң роль ойнойт.
Энергетикалык саясат боюнча ал Россия газына коюлган чектөөлөрдү кайра карап чыгуу сунуштарына жооп берип, Россияга карата экономикалык басым негизги инструмент бойдон кала берерин айтты.
«Акыркы жылдары Россияга көрсөткөн экономикалык басым — бул тынчтыкка жетүү үчүн эң натыйжалуу курал», — деди ал жана 2027-жылдын башына чейин оң жылыштар болот деп үмүттөнөрүн кошумчалады.
Мелони ошондой эле АКШ президенти Дональд Трампдын Рим папасы тууралуу акыркы билдирүүлөрүн сынга алып, аларды «кабыл алынгыс» деп атады жана папа Лев XIVr колдоо көрсөттү. Ал диний лидерлер саясий көрсөтмөлөргө баш ийген коомдо өзүн ыңгайсыз сезерин айтты.
АКШ менен мамилелер тууралуу сөз кылып жатып, Мелони АКШны стратегиялык союздаш деп атап, бирок союздаштар пикир келишпестиктерди да ачык айта билиши керек экенин белгиледи.
«Дос жана союздаш болгондо, айрыкча стратегиялык деңгээлде, макул эмес болгон маселелер боюнча да ачык айтууга кайрат керек», — деди ал.


















