БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриштин айтымында, дүйнө бүтүндөй бир аймакты камтышы мүмкүн болгон жана глобалдык деңгээлде катастрофалык кесепеттерге алып келе турган чоң согуштун алдында турат.
Жакынкы Чыгыштагы кризис экинчи айга уланып жатканын белгилеген ал, «кыйроолордун масштабы өсүп жатканын» эскертти.
Анын сөзүнө караганда, бул жаңжалдын таасири дүйнөнүн бардык жеринде сезилүүдө.
«Бул жаңжал азыр эле бардык жерде сезилип жатат. Деңизде эркин жүрүүнүн бузулушунун кесепеттерин эле карап көрүңүз. Муну адамдардын күнүмдүк жашоосунан көрүп жатабыз — Филиппиндерде, Шри-Ланкада, Мозамбикте жана башка көптөгөн өлкөлөрдө азык-түлүк менен күйүүчү майдын баасы өсүп жатат», — деди БУУ башчысы.
Бейшемби күнү Нью-Йорк шаарындагы БУУнун башкы кеңсесинде журналисттерге кайрылып жатып, Гутерриш кризистен «тынч жол менен чыгуу» үчүн жүргүзүлүп жаткан дипломатиялык аракеттерди эске салды.
«Мен бардык тараптар менен тыгыз байланышта болуп жатам жана бул ишке көмөк көрсөтүү үчүн өзүмдүн атайын өкүлүм Жан Арнону аймакка жөнөтүп жатам», — деп белгиледи ал.
БУУнун баш катчысы АКШ менен Израилди согушту токтотууга, ал эми Иранды коңшу өлкөлөргө жасалган чабуулдарды токтотууга кайрадан чакырды.
«Жаңжалдар өзүнөн-өзү токтобойт. Алар лидерлер кыйратуунун ордуна диалогду тандаганда гана аяктайт. Бул тандоо дагы деле мүмкүн. Аны дароо жасоо керек», — деп жыйынтыктады ал.



















