АКШ менен Израилдин Иранга каршы согушу уланып жаткан чакта Европа Комиссиясынын төрагасы Урсула фон дер Ляйен Улуу Британиянын премьер-министри Кир Стармер менен Жакынкы Чыгыштагы жана Ормуз кысыгындагы кырдаал тууралуу телефон аркылуу сүйлөшкөнүн билдирди.
Европа Комиссиясынын төрагасы АКШ менен Израилдин Иранга кол салуулары жөнүндө айтып, бирок Батыштын расмий өкүлдөрү үчүн салтка айлангандай, Иранды гана айыптады.
“Кечээ Кир Стармер менен жакшы сүйлөшүү өткөрдүм. Биз Жакынкы Чыгыштагы жана Ормуз кысыгындагы кырдаалды талкууладык. Ирандын аракеттери дүйнөлүк экономикалык туруктуулукка коркунуч келтирүүдө. Биз өнөктөштөрүбүз менен кеме жүрүү эркиндигин мүмкүн болушунча тезирээк калыбына келтирүү үчүн иштешебиз”, – деп жазган Урсула фон дер Ляйен X социалдык медиа платформасында.
Күн мурун Кир Стармер Ормуз кысыгын кайра ачуу боюнча кызматташууга кызыкдар өлкөлөр менен жолугушуу өткөрөрүн жарыялаган. Анын айтымында, Улуу Британия өз айланасында тиешелүү чараларды көрүүгө кызыкдар болгон 35 өлкөнү бириктирди.
Дүйнөдөгү мунайдын жана суюлтулган жаратылыш газынын болжол менен бештен бири өткөн Ормуз кысыгы март айынын башынан бери АКШ менен Израилдин аскердик операциясына жооп катары Иран тарабынан бөгөттөлгөн. АКШнын президенти Дональд Трамп кысыкты ачуу үчүн Кытай, Франция, Япония, Түштүк Корея, Улуу Британия жана башка өлкөлөрдү аймакка согуштук кемелерин жөнөтүүгө чакырган, бирок бул идеяны расмий түрдө эч ким колдогон эмес.
Чыр-чатак учурунда бир нече танкер Тегерандын уруксатысыз кысыктан өткөнү үчүн соккуга кабылган. 25-мартта Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи Иран Орусия, Индия, Ирак, Кытай жана Пакистан сыяктуу достук мамиледеги өлкөлөргө Ормуз кысыгы аркылуу өтүүгө уруксат бергенин жарыялаган.


















